Мазмунун көрсөтүү

Солдо: Александр Скворцов. Оңдо: Валерий Тибий

27-ИЮНЬ, 2023
ОРУСИЯ

Александр жана Валерий аттуу ишенимдештерибиз камакка алынды

Александр жана Валерий аттуу ишенимдештерибиз камакка алынды

2023-жылдын 20-июнунда Ростов облусунун Таганрог шаардык соту Александр Скворцов менен Валерий Тибий деген ишенимдештерибизди камакка алды. Александр 7 жылга түрмөгө кесилди. Ал 2021-жылдын 7-декабрынан бери камакта болчу. Эми ошол жакта дагы отурмай болду. Ал эми Валерий 6 жылга шарттуу соттолду. Ал 2022-жылдын 18-майынан бери камакта отурган. Эми ал жактан бошотулду.

Жеке маалымат

Жахабага абдан ыраазыбыз. Анткени ал бизди мээримине бөлөп, жетектеп келатат. Ошондуктан, алдыда дагы кандай кыйынчылык болбосун, баарын көтөрүп кете алабыз (Забур 5:12).

Жагдайдын өрчүшү

  1. 20-март, 2021

    Алесандр Скворцовдун үйү тинтилген

  2. 7-декабрь, 2021

    Александрдын үйү дагы бир ирет тинтилген. Мунусунда Таганрогдогу башка Жахабанын Күбөлөрүнүн 29 үйү кошо тинтилген. Үйү тинтилгенден кийин, Александр камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга камалган

  3. 8-декабрь, 2021

    Александр тергөө камак жайына камалган

  4. 29-март, 2022

    Валерийге каршы кылмыш иши козголгон

  5. 31-март, 2022

    Тергөөчүлөр Александр менен Валерийге каршы козголгон кылмыш ишин бириктиришкен

  6. 18-май, 2022

    Валерий камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга камалган

  7. 26-май, 2022

    Валерий тергөө камак жайына камалган

  8. 6-декабрь, 2022

    Сот иши башталган

  9. 20-июнь, 2023

    Александр 7 жылга түрмөгө кесилген. Ал эми Валерий 6 жарым жылга шарттуу соттолгон

a b Бул макала даярдалып жатканда, Александр менен Валерий тергөө камак жайында болгондуктан, алардын өздөрү менен маек куруу мүмкүн болгон жок.