Мазмунун көрсөтүү

Альберт Батчаев

24-МАЙ, 2021
ОРУСИЯ

Альберт Батчаевди тергөө камак жайы да, үй камагы да сындыра алган жок

Альберт Батчаевди тергөө камак жайы да, үй камагы да сындыра алган жок

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту Альберт Батчаевди айыптуу деп тапты

2021-жылдын 6-декабрында Карачаево-Черкесский Республикасынын Черкесский шаардык соту Альберт Батчаевди күнөөлүү деп таап, алты жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Альберт Батчаев

  • Туулган жылы: 1976 (Карачаевск)

  • Кыскача таржымалы: Беш бир тууган (үч кыз, эки эркек). Апасынын көзү өтүп кеткен. Учурда карып калган атасы Альберттин колунда. Милиция академиясын бүтүрүп, жактоочу болуп чыккан. Кылмыш иштери боюнча улук опер даражасына чейин жеткен

    Ыйык Китепти изилдей баштап, анда жазылгандардын чындык экенине көзү жеткен. Анан 2004-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон. Өмүрлөшү Жаннага 2007-жылы үйлөнгөн. Акыркы учурларда эшик коюп иштечү. Ден соолугу начарлап кеткендиктен азыркы учурда оор жумуш аткара албайт. Аялы Жанна экөө Кавказдын көз жоосун алган тоолоруна машине менен барып, эс алганды жакшы көрүшөт

Иштин чоо-жайы

2019-жылы 16-декабрда Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) кызматкерлери Черкесск шаарындагы 10 чакты үйдү тинтишкен. Анан көптөгөн бир туугандарыбызды кармап кетишкен.

Кармап кеткендин эртеси Альберт Батчаевден башкасынын баары коё берилген. Альберт болсо андан кийин бери дегенде 72 саат убактылуу кармоо жайында отурган, ага Жахабадан тилениш үчүн жана диний ырларды ырдаш үчүн башкаларды чогултту деген айып тагышкан. Ушундай айып тагылгандан кийин, Альбертке достору жана тааныштары бийликтегилер алардын да артынан аңдып жүрүшкөнүн айтышкан.

Альберт мындай деген: «Мени убактылуу кармоочу жайга киргизип, анын чынжырлар тагылган оор темир эшигин „кыйч“ этип жабышканда, жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Мага ал жерден өлүп эле чыкпасам, көзүмдүн тирүүсүндө ошол жерде калчудай сезилди. Аялымды, бир туугандарды ойлоп тынчсызданып жаттым».

Альберт тергөө камак жайында 2 айга жакын отургандан кийин үй камагына алынган. Бирок ошондон 1 жума өткөндөн кийин эле аны кайра тергөө камак жайына алып барып, 7 жумага камап коюшкан. Бул тууралуу Альберт: «Камакта отурганда Жахабага сыйынуунун жана Падышалыктын иши менен алек болуунун канчалык маанилүү экенин чындап түшүндүм. Бул мага керектүү күч берди. Жахабага жана жакындарыма болгон сүйүүмдү муздатпаганга, үмүтүмдү үзбөгөнгө, ишенимимден жана берилгендигимден жазбаганга жардам берди»,— дейт.

Түрмөдө отурганда анын Ыйык Китеп алганга мүмкүнчүлүгү болгон. Адатта, бул мүмкүн эмес. Ал мындай деп айткан: «Ыйык Китеп мен үчүн куткаруучулардын баллонундай эле болду. Ал мага үмүт үзбөгөнгө, жанымдай жакшы көргөн жакындарымды ойлоп куса болбогонго жардам берди». Альберт башынан оор кыйынчылыктарды өткөзгөн жана түрмөдө отурган Ыйык Китепте айтылган ишенимдүү кишилердин сезимдерин өз жон териси менен сезип көргөн. Ал: «Түрмөдө отурганда алар мага мурункудан жакын, тирүү, чыныгы кишилер болуп калышты. Азыр менин байыркы учурда жашаган да, азыркы учурда жашап жаткан да досторум бар».

2020-жылдын апрелинде Альбертти 2 айга үй камагына которушкан. Анын мөөнөтү 4 жолу узартылган. Акыркы жолку узартылышы 2021-жылы марттын аягында башталып, июндун аягында аяктаган.

Биз Жахабанын Альберт бир тууганыбызды жана куугунтукталып жаткан башка ишенимдүү кызматчыларын күчкө толтуруп, кам көрө берерине бекем ишенебиз (1 Жылнаама 29:12).