2-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ
Анастасия Гузева Кудайга ишенгендиги үчүн эле кесилип кетиши мүмкүн
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту доо арызды канааттандырган жок
2021-жылдын 2-декабрында Еврей автономдук облусунун соту Анастасия Гузеванын доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Ага каршы чыгарылган мурунку соттун чечими күчүндө калды. Анастасия бир тууганыбыз азырынча түрмөгө камалбайт.
2021-жылдын 19-августунда Еврей автономдук облусундагы Биробижан райондук соту Анастасия Гузеваны күнөөлүү деп таап, 30 айга шарттуу соттоду.
Жеке маалымат
Анастасия Гузева
Туулган жылы: 1970 (Биробижан)
Кыскача таржымалы: Анастасияны менен эки эркек бир тууганын апасы жалгыз чоңойткон. Анастасия бала кезинде китеп окуганды, спорт менен машыкканды жакшы көрчү. Бийге да барчу. Он жаштарында чоң апасынын үйүнөн Ыйык Китепти таап алган. Ошентип Кудай жөнүндө биле баштаган. Кийинчерээк апасы экөө Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдей башташкан. 1995-жылы чөмүлүп Жахабанын Күбөсү болушкан. 2001-жылы жолдошу Константин экөө баш кошкон.
Иштин чоо-жайы
2018-жылдын май айында бийликтегилер Анастасия менен Контстантиндин үйүн тинтишкен. Константин 2019-жылдын июлунда, ал эми Анастасия 2020-жылдын февралында «экстремист» катары айыпталган. Еврей автономдук облусунда жалпысынан 23 Жахабанын Күбөсүнө 19 кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин тергелиши Анастасия менен Константиндин күнүмдүн турмушуна бүлгүн салды. Экөөнө «экстремист» деген айып тагылгандыктан иштеген музыкалык мектептеп бошоп кеткенге туура келди. 2021-жылдын февралында Константин эки жарым жылга шарттуу соттолгон.
Анастасия ага эмне жардам бергенин жөнүндө мындай дейт: «Куугунтукка туш болоруңду элестетип, ошондой кыйын кезеңде эмне кыларыңды ойлонуштурганың жакшы экен. Мисалы, Исанын жерде жүргөндөгү акыркы күнү болгон окуялар жөнүндө окуганда, анын камакка алынганда эмне кылары жөнүндө ойлонгонун биле алабыз... Ал качан сүйлөштү, качан унчукпашты, эгер сүйлөй турган болсо эмне дээрин ойлонган».
Анастансия Римдиктер 8-бөлүм, 38, 39-аяттардагы сөздөр өзгөчө мааниге ээ болуп калганын айтат. Ал: «Ошол сөздөрдү окуганда кубанычка бөлөнөм. Себеби ааламдагы эң кубаттуу Жахаба жана Иса мени сүйөрүн биле алам. Алардын сүйүүсүнөн эч ким ажырата албайт. Мына ушуну билгеним баарына чыдаганга, кайраттуу болгонго жардам берип келет»,— дейт.