Мазмунун көрсөтүү

Анатолий жубайы Алёна менен

7-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Анатолий Вилиткевич кайраттуулук менен соттун өкүмүн күтүүдө

Анатолий Вилиткевич кайраттуулук менен соттун өкүмүн күтүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту доо арызды канааттандырган жок

2021-жылдын 16-декабрында Башкыртстан Республикасынын Жогорку соту Анатолий Вилиткевичтин доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Соттун мурунку чечими күчүндө калды. Анатолий бир тууганыбыз азырынча түрмөгө камалбайт.

2021-жылдын 27-сентябрында Уфа шаарынын Ленинск райондук соту Анатолийди айыптуу деп таап, эки жылга шарттуу соттоду.

Жеке маалымат

Анатолий Вилиткевич

  • Туулган жылы: 1986 (Хабаровск крайы)

  • Кыскача таржымалы: Жыгач уста болуп иштейт. Алёна экөө 2008-жылы баш кошушкан. Жаратылышка чыгып эс алганды жакшы көрүшөт.

    Ата-энеси Анатолийге кичине кезинен эле Жаратканга болгон сүйүүсүн өрчүткөнгө жардам беришкен. Ага өзгөчө Кудайдын адамдар менен жаныбарлар тынчтыкта жашайт деген убадасы абдан жакчу. 1997-жылы 11 жашында чөмүлгөн.

Иштин чоо-жайы

Орусиянын бийлиги Анатолий Вилиткевичти 2018-жылдын 8-августунда террористердин тизмесине киргизген. 2017-жылы апрелде Орусия Федерациясынын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салгандан кийин эле Анатолий Деннис Кристенсен менен бирге эркинен ажыраган Жахабанын Күбөлөрүнүн алгачкысы болгон.

Тергөөчүлөр Анатолий менен Алёнанын үйүнө жашыруун камераларды орнотуп кетишкен. Ошондон улам алар Анатолийге «достору менен Ыйык Китептеги ойлорду талкуулады» деген айып коюшкан. Эми ага «экстремисттик» деп эсептелген уюмдун иштерин уюштурган деген айып тагып жатышат.

Анатолийди алып кетип баратышканда полция кызматкерлеринин бири Алёнага: «Башка күйөө издей бер»,— деген какшык сөздөрдү айткан. Анатолий мындай деп эскерет: «Сурак учурунда катуу стресс болдум, эмоциялык жактан аябай кысым көрсөтүп жатышты. Алар мага, эгер күнөөмдү мойнума албасам, аялым да, биздин үйгө жолугушууга келген ишенимдештерим да чоң кыйынчылыктарга дуушар болорун айтышты. Аялымды да камашарын айтып, кайра-кайра коркутуп жатышты. Ошондой учурларда Жахабадан тиленчүмүн. Ал жан-дүйнөмдү кадимкидей тынчтандырып койчу».

Анатолий 2 айдан ашык убакыт бою тергөө камак жайында, дээрлик 9 ай үй камагында жаткан, ошондой эле ага 1 жарым жылга башка жакка чыгууга тыюу салынган. Түрмөдө жатканда ал дептерге куугунтукка туш болгон Ыйык Китептеги инсандар тууралуу жазып алган. Ал мындай дейт: «Жахаба аларды кыйынчылыктан куткарбаганын, бирок ошол эле учурда аларды таштап койбогонун эсиме салып турчумун. Бул мага күч берип, Жахабанын мени да калтырбай турганына болгон ишенимимди бекемдечү. Мен үчүн баарынан да Жахабага ишенимдүү бойдон калуу маанилүү болчу». Анатолийге жубайынын каттары да дем-күч берип турчу. «Бир жолку катында Алёна мага досторубуздун, жакындарыбыздын сүрөттөрүн салып жибериптир. Күнүгө кечинде ошол сүрөттөрдү карап, алар менен өткөргөн сонун учурларды эстечүмүн. Ошондо алар менин жанымда жүргөндөй эле сезилчү».

Анатолий менен Алёнанын туруктуулугу баарыбыз үчүн чоң үлгү. Орусиядагы ишенимдештерибиз катуу куугунтукка карабай рухий жактан гүлдөп-өсүп жатканын көрүү баарыбызга кубаныч тартуулоодо. Жахабанын биздин тиленүүлөрүбүздү угуп, аларга колдоо көрсөтүп жатканына абдан ыраазыбыз (2 Корунттуктар 1:11).