Мазмунун көрсөтүү

Анджей Онищук бир тууган тергөө камак жайындагы мөөнөтүнүн өзгөрүлүшүнө байланыштуу чечим чыгарылган сот залындагы клеткада

2019-ЖЫЛ, 9-АВГУСТ
ОРУСИЯ

Анджей Онищук бир туугандын бир кишилик камерада отурганына бир жылга чукулдап баратат

Анджей Онищук бир туугандын бир кишилик камерада отурганына бир жылга чукулдап баратат

Польшанын жараны жана сүйүктүү бир тууганыбыз Анджей Онищук 2018-жылдын 9-октябрында полиция кызматкерлери тарабынан кармалып кеткенден бери Орусияда тергөө камак жайында отурат. Жакында эле анын мөөнөтү бешинчи жолу узартылды. Тергөө камак жайында отурган мөөнөтү 2-октябрда аяктамакчы. Ошондо анын тергөө камак жайында отурганына дээрлик бир жыл болот.

Анджей бир тууган жубайы Анна менен камакка алынганга чейин. Аялы Аннага 10 айдан бери жолдошу менен көрүшкөнгө уруксат берилбей келет

Кармалып кеткенден бери Анджей бир тууган бир кишилик камерада отурат. Эртең мененки саат 6:00дөн кечки саат 9:00гө чейин ага жатканга тыюу салынган. Ошондой эле жумасына бир эле жолу ысык суу менен 15 мүнөт жуунуп алганга уруксат берилген. Анджей бир туугандын аялы Аннага 10 айдан бери жолдошу менен көрүшкөнгө уруксат берилбей келет. Алар кат аркылуу гана байланышып жатышат. Анна бир тууган бийликтегилерге жолдошу менен көрүшкөнгө уруксат сурап бир канча жолу кайрылган. Бирок анын өтүнүчүн орундатышкан эмес.

Мурун айтылгандай, жергиликтүү полиция кызматкерлери жана Аскердик атайын күчтөрүндө кызмат кылган беткапчан кишилер Анджей бир туугандын үйүн жана Кировдогу башка бир туугандардын 18 үйүн тинтип чыгышкандан кийин аларды камакка алышкан. Падышалык ырларын ырдаганы жана диний адабияттарды окуганы үчүн Анджей бир тууганга каршы кылмыш иши козголгон.

Аны менен бирге Кировдо жашаган төрт бир тууган: 44 жаштагы Максим Халтурин, 66 жаштагы Владимир Коробейников, 26 жаштагы Андрей Суворков жана 41 жаштагы Евгений Суворков бир туугандар өткөн жылы камакка алынган. Алар да тергөө камак жайында отурушкан. Кийинчерээк алар тергөө камак жайынан чыгарылып, үй камагына алынышкан. Анджей бир тууган менен жогоруда айтылган төрт бир туугандын иштери Адам укуктары боюнча Европа сотунда каралышы күтүлүүдө.

Үстүбүздөгү жылы Орусиянын бийликтегилери тарабынан Киров шаарында жашаган дагы жети бир тууганга каршы кылмыш иши козголду. Алардын эң улуусу — 70 жаштагы Евгений Удинцев бир тууган. Ошентип, азыркы тапта Кировдо баш-аягы 12 Жахабанын Күбөсү Кудайга ишенгени үчүн кылмышкер катары айыпталууда.

Анджей, Анна жана Орусиядагы бардык ишенимдештерибизди ойлогондо ыйык рухтун жетеги менен жазылган: «Түрмөдө отургандарды, өзүңөр да алар менен түрмөдө отургандай, эсиңерден чыгарбагыла. Ошондой эле өзүңөр да денеде жашап жүргөндүктөн кордук көрүп жаткандарды унутпагыла»,— деген сөздөрдү эч качан эстен чыгарбайлы (Еврейлер 13:3).