Мазмунун көрсөтүү

Андрей (ортодо), (солдон оңго) кызы Альбина, жубайы Светлана, кызы Анжелика менен жолдошу Анатолий; (бурчундагы сүрөт) Андрей эркиндикке чыккандан кийин жубайы менен жолугуп жатат

27-ФЕВРАЛЬ, 2023
ОРУСИЯ

Андрей Андреев Орусиядагы түрмөдөн бошотулду

Андрей Андреев Орусиядагы түрмөдөн бошотулду

2023-жылдын 22-февралында Андрей Андреев Орусиядагы түрмөдөн бошотулду. Ал камакта үч жылдан көбүрөөк убакыт отурган.

2019-жылдын 16-октябрында бийликтегилер Курск шаарында жашаган көптөгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн тинтип, аларды суракка алышкан. Ошодон кийин Андрей жана башка бир нече ишенимдешибиз камакка алынган. Андрей тергөө камак жайында 20 айдай болгондон кийин 2021-жылдын 3-июнунда кесилип кеткен.

Ишеними үчүн түрмөдө отурганда Андрей жубайы Светланага жана эки кызы Анжелика менен Альбинага рухий жактан кам көрүш үчүн колунан келгендин баарын кыла берген. Ал кат аркылуу Ыйык Китептен бекемдээрлик ойлорду жазып турган. Камакта отурган учурунда кызы Анжелика турмушка чыккан. Үйлөнүү үлпөтүнө арналган баяндаманы ал кат аркылуу жазып жиберген. Анжелика мындай дейт: «Атамдын баяндамасы ушунчалык жүрөгүбүздү козгоду. Угуп отурган конокторубуздун эт жүрөгү элжиреди... Ошол күнү атам биз менен жаныбызда жүргөндөй эле болду».

Андрейге жолугуш үчүн үй-бүлөсү автобус менен сегиз сааттай жол жүрчү. Светлана жана кыздары узак жол жүргөндүктөн аябай чарчап калышчу. Бирок ишенимдештери аларды түнөк жай, тамак-аш менен камсыз кылып, тергөө камак жайына алып барып, алып келип турушкан. Андрей үй-бүлөсү менен жолуга алышы үчүн, кээ бирлери анын жол жүрүп келаткан үй-бүлөсүн кезектешип тосуп алышчу. Көп учурда бул түңкү убакка туш келип калчу.

Андрей түрмөдөн бошотулганда аны достору жана үй-бүлөсү тосуп алып жатышат

Түрмөдө отурганда далай азапты көрсө да, Андрей ишенимин бекем сактаган. Түрмө башчылары анын жакшы сапаттарын көрүп, сыйлап калышкан. Анын жүрүм-туруму үлгүлүү болгондуктан, ага көбүрөөк кишилердин келишине уруксат берилген. Андрей түрмөдөгү күндөрү тууралуу мындай дейт: «Мен эч кимге таарынган жокмун, ачууланган жокмун, эч кимди жек көрүп да калган жокмун. Кудайдын жардамы менен ишенимимди бекем сактай алдым. Мен бактылуумун».

Андрейдин башкаларга чын жүрөктөн сүйүү көрсөткөнүнө Жахаба мындан ары да батасын мол бере береринен эч шектенбейбиз (1 Жакан 4:16).