Мазмунун көрсөтүү

Андрей жана Нина Даниеляндар

9-НОЯБРЬ, 2022
ОРУСИЯ

Андрей Даниелян 6 жылга камалды

Андрей Даниелян 6 жылга камалды

2022-жылдын 7-ноябрында Алтай крайынын Рубцовский шаардык соту Андрей Даниелянды айыптуу деп таап, аны 6 жылга соттоду. Аны сот залынан дароо түрмөгө алып кетишти.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 25-май

    Бир нече ай бою телефонун тыңшап жана ар бир кыймыл-аракетин аңдышкандан кийин Андрейге каршы кылмыш иши козголгон

  2. 2021-жыл, 26-май

    Үйүн тинтишкен. Андрейди жана аялын кармашып, суракка алышкан. Ага эки жакка чыгууга тыюу салышкан

  3. 2022-жыл, 13-июль

    Экстремисттик иш-чараларды уюштурду деген айып коюшкан

  4. 2022-жыл, 5-сентябрь

    Сот отуруму башталган

  5. 2022-жыл, 7-ноябрь

    6 жылга соттолгон

Жеке маалымат

Биз Андрейдин жана Кудайга берилгендигин сактаганга чечкиндүү болгон башка көптөгөн ишенимдештерибиздин үлгүсүн жогору баалайбыз. Баарыбыз тең «келечектеги... жашоого тиешелүү убадалардын» аткарылышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (1 Тиметей 4:8).

a Андрей Даниелян менен маек соттун чечими чыкканга чейин курулган