Мазмунун көрсөтүү

4-СЕНТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Апелляциялык сот Деннис Кристенсенди мөөнөтүнөн эрте бошотуу боюнча чечимди жокко чыгарып, ишти кайра кароого баштапкы сотко жиберди

Апелляциялык сот Деннис Кристенсенди мөөнөтүнөн эрте бошотуу боюнча чечимди жокко чыгарып, ишти кайра кароого баштапкы сотко жиберди

2020-жылдын 4-сентябрында Курск облустук соту Льгов райондук сотунун Деннис Кристенсенди мөөнөтүнөн эрте бошотууга байланыштуу 23-июнда чыгарган чечимин жокко чыгарып, башка судья карасын деп ишти кайра артка жиберди. Анын качан каралары азырынча белгисиз.