Мазмунун көрсөтүү

Андрей менен анын аялы Светлана соттун короосунда, үй камагынан бошотулууга байланыштуу чечим чыгарылгандан кийин

2019-ЖЫЛ, 22-АВГУСТ
ОРУСИЯ

Аппеляциялык сот Андрей Суворков бир тууганды үй камагынан чыгарууга буйрук берди

Аппеляциялык сот Андрей Суворков бир тууганды үй камагынан чыгарууга буйрук берди

2019-жылдын 13-августунда Киров шаарынын аппеляциялык соту 26 жаштагы Андрей Суворков бир тууганды үй камагынан чыгарууга буйрук берди. Бирок ага көбүрөөк эркиндик берилгени менен, кылмыш иши дагы деле жабыла элек.

Мурда айтылгандай, 2018-жылдын 9-октябрында жергиликтүү полиция кызматкерлери менен Аскердик атайын күчтөрүндө кызмат кылган бет капчан кишилер Кировдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн 19 үйүн тинтип, Андрей бир тууганды, анын өгөй атасын жана башка үч бир тууганды кармап кетишкен.

Ошол учурду эскерип, Андрей бир тууган мындай дейт: «Көптөгөн баалуу буюм-тайымдарыбызды тартып алышты. Аялым экөөбүз буга көп деле сарсанаа болгон жокпуз. Анткени дайыма жөнөкөй жашаганга жана материалдык нерселерге такыр байланбаганга аракет кылчубуз. Матай 6:21деги „Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот“,— деген кеңеш жан дүйнө тынчтыгын сактаганга жардам берди».

Үйлөрүн тинтигенден кийин бийликтегилер Падышалык ырларын ырдаганы, диний адабияттарды окуганы жана Ыйык Китептин орус тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосуна» ээ болгону үчүн Андрей бир тууганга, анын өгөй атасына жана башка үч бир тууганга каршы кылмыш ишин козгошкон. Алардын баары убактылуу түрмөгө камалышкан. Ал жактан алар эркиндикке чыгарылышына же тергөө камак жайына отургузулушуна байланыштуу чечимдин чыгарылышын күтүп келишкен.

Андрей бир тууган башынан өткөндөрү тууралуу мындай дейт: «Убактылуу түрмөдө эки түн отурдум. Башында тынбай тиленип жаттым. Жахабанын тиленүүлөрүмдү угуп жатканына жана сөзсүз колдооруна эч шектенген эмесмин. Ал жактан Падышалык ырларынын обондорун эстегенге аракет кылып, аларды ырдап жаттым. Ошентип, 50дөн ашык ырдын сөздөрү менен алардын обондорун эстей алдым».

Сот Андрей жана башка бир туугандарды тергөө камак жайына камоого буйрук берген. Камакка алынганынын алгачкы биринчи жумасында Андрей бир тууган башкаларга жардам берүүгө көңүл топтогон. Ал мындай дейт: «Бир туугандарды атынан атап тиленип, даректерин эстеген бир туугандарга бекемдээрлик каттарды жазып жаттым. Бул мага кубаныч тартуулады» (Элчилер 20:35).

Бир нече айдан кийин Анджей Онищук бир туугандан башкасынын баары тергөө камак жайынан үй камагына отургузулушкан. Кировдогу бир туугандардан Андрей бир тууган биринчилерден болуп үй камагынан чыгарылды.

Андрей бир тууган мындай дейт: «Түрмөгө отурганыма аябай сүйүнөм... Эртеңки күнү эмне болорун, кайрадан түрмөгө камаламбы, билбейм. Бир билгеним, атүгүл түрмөдө болсом да, Жахаба жана анын уюму мени сөзсүз колдошот. Мен азыр түрмөгө камалуудан эч коркпойм».