Мазмунун көрсөтүү

Елена Савельева

28-ОКТЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Ардактуу эс алууга чыккан 80 жаштагы мугалим Ыйык Китеп жөнүндө айтканы үчүн куугунтукталууда

Ардактуу эс алууга чыккан 80 жаштагы мугалим Ыйык Китеп жөнүндө айтканы үчүн куугунтукталууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту Елена Савельеванын доо арызын четке какты

2022-жылдын 14-февралында Томск облустук соту Елена Савельеванын доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 17-ноябрь

    Томск облусундагы Северский шаардык соту Елена Савельеваны айыптуу деп таап, 4 жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт. Айыптоочу 80 жаштагы Елена Савельевага 500 000 рубль (7 198 АКШ доллары) айып пул салынышын талап кылып жаткан.

  2. 2021-жыл, 22-июль

    Алгачкы сот отуруму болгон

  3. 2021-жыл, 25-март

    Орусия өкмөтүнүн айыптоочулары Елена Савельевага каршы кылмыш ишин козгошкон. Ага Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 282.2-беренесине ылайык, «башкаларды экстремисттик уюмдун иш чараларына катышууга үгүттөдү, тартты жана аларды дагы башка жолдор менен катыштырууга аракет кылды» деген айып коюлган

    Елена Савельевага мындай айып эки аялдын ага каршы айткан сөздөрүнүн негизинде коюлган. Елена бир тууганыбыз аларга Ыйык Китепте жазылгандарды айтып берген. Ал аялдар Федералдык коопсуздук кызматынын кызматчылары жана Орусиянын Улуттук гвардиясы тарабынан жалданган тыңчылар болгон. Экөө Ыйык Китепте жазылгандарга кызыгымыш болуп Елена менен сүйлөшкөн сөздөрүн тымызын жаздыра беришкен. Анан Елена жана анын ишенимдештери тууралуу маалыматты укук коргоо органдарына жөнөтүп турушкан

Жеке маалымат

Куугунтукка тике караган Елена бир тууганыбыз биздин да кайратыбызга кайрат кошту. «Каршы чыккандардан эч коркпой», жакшы кабар үчүн «ийиндеш туруп, бир кишидей күрөшүп» жаткандардын баарына Жахаба назарын саларына бекем ишенебиз (Филипиликтер 1:27, 28).