Мазмунун көрсөтүү

БУУнун адам укуктары боюнча адистер тобунун пикиринде айтылгандай, Орусияда адилетсиз түрдө камакка алынган 18 бир туугандын 10у: Маглив Андрей, Егозарян Игорь, Королев Руслан, Кулясов Владимир жана Рогозин Валерий (биринчи катар, солдон оңго); Шалев Валерий, Шамшева Татьяна, Силаева Ольга, Соловьёв Александр жана Тимошин Денис (экинчи катар, солдон оңго)

18-МАЙ, 2020
ОРУСИЯ

БУУнун адистер тобунун айтуусу боюнча, 18 Жахабанын Күбөсүн камакка алган Орусия өкмөтү Эл аралык мыйзамды бузуп жатат

БУУнун адистер тобунун айтуусу боюнча, 18 Жахабанын Күбөсүн камакка алган Орусия өкмөтү Эл аралык мыйзамды бузуп жатат

БУУнун адам укуктары боюнча жумушчу тобу 15 беттен турган пикирин жарыя кылды. Ал документте Орусия өкмөтүнүн 2018-жылдын май айынан тартып, 2019-жылдын июлуна чейин ар кайсы шаарларда жашаган 18 Жахабанын Күбөсүн камакка алганы Эл аралык мыйзамды бузгандыкка жатары айтылган. Адистер тобу дагы эле камакта отурган ишенимдештерибиздин баарын тез аранын ичинде, шарт койбостон бошотууну талап кылды.

Жумушчу топ иштеп чыккан пикирдин баштапкы версиясы 2020-жылдын 15-майында жарык көрдү. Биротоло иштелип чыга турганы жакынкы арада БУУнун сайтына салынат.

Ишенимдештерибизди колдоо максатында Мыйзамсыз кармоо боюнча бул жумушчу топ ушундай жыйынтык камтылган пикирин бир жылдын ичинде ушуну менен үчүнчү жолу жарыя кылды. Мындан мурункусунда ал Орусияны ишенимдештерибизге эч жашырбай этпей эле, туура эмес мамиле жасаганы үчүн айыптаган.

Жахабанын Күбөлөрүн камакка алууда бийлик өкүлдөрүнүн атынан иш жүргүзгөн «өзгөчө күч түзүмдөрү» жөнүндө сөз кылганда, адистер тобу мындай деп белгиледи: «Полиция кызматкерлеринин ошол учурлардагы иш-аракетин актоого эч кандай негиз жок. Алардын [Күбөлөрдүн] эч кимиси кармалбашы, убактылуу камоо жайларына камалбашы, эч кимисине каршы тергөө же сот иштери жүргүзүлбөшү керек».

Адистер тобу экстремисстик иш-аракеттерди жүргүзүп жатышат деген айыптардын таптакыр негизсиз экенин баса белгилеп, бир туугандарыбыздын «дин тутуу эркиндигин колдонуп, Кудайга тынчтыкта сыйынгандан» башка эч кандай жамандык кылбаганын айтып өттү.

Мындан сырткары, жалпыга жарыяланган бул пикиринде адам укуктарын коргогон адистер ишенимдештерибиздин сот залында да кодулоого алынганын билдирди. Алсак, камоо мөөнөттүн узартуу боюнча сот отурумунда эки бир тууганыбызды сот залындагы темир тордун ичинде отургузуп коюшкан. Адистер түшүндүргөндөй, эл аралык мыйзамга ылайык, күнөөсү мыйзамдын негизинде толук далилденмейин кимдин болбосун «күнөөсүз деп эсептелүүгө» укугу бар. Ошондуктан бир туугандарыбыз «сот отуруму жүрүп жатканда кишенделбеши, темир тордун ичине отургузулбашы керек, аларга дагы кандайдыр бир жолдор менен коркунучтуу кылмышкерлерден бетер мамиле жасалбашы абзел».

БУУнун жумушчу тобу Орусия өкмөтүнөн 18 Жахабанын Күбөсүнүн баарын аларга коюлган бүт айыптардан толук актоону жана эл аралык мыйзамга ылайык, келтирилген зыянды толтурууну талап кылат. Андан сырткары, өкмөт башчылары «эркиндик туш келди чектелген учурлардын баарын кылдат, калыс иликтөөгө» чакырылды. Анан «[Күбөлөрдүн] укугун тебелегендерге карата тийиштүү чаралардын көрүлүшү керектиги» баса белгиленди.

Сөз кылынып жаткан пикирде бул 18 Жахабанын Күбөсү «Орусиядагы дин тутуу эркиндигин колдонгону үчүн эле кармалган, камалган, кылмыш иштери козголгон далай Жахабанын Күбөсүнүн катарына кирет (алардын саны улам өсүп баратат)». Айта кетчү нерсе, дин тутуу эркиндигине байланышкан укук Орусия кол койгон эл аралык келишимдерде кепил кылынат. Андыктан учурдагы пикирде 18 ишенимдешибиз жөнүндө эле сөз жүрсө да, адистер тобу анда айтылгандар «ушу сыяктуу жагдайга туш болгондордун баарына тиешелүү» экенин белгиледи.

Жумушчу топтун бул кайрылуусу Орусиядагы ишенимдештерибиздин баары акталарын кепил кылбаса да, жагдай бир аз болсо да жакшырат деген үмүт бар. Эми Орусиянын эмне деп жооп берерин күтөбүз. Ал ортодо мээримдүү Атабыз Жахабанын ага таянып, куугунтукка тике караган ишенимдештерибизге кубаныч, тынчтык берерине толук ишенебиз (Римдиктер 15:13).