Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Константин, жубайы Снежана жана Вера Золотова

21-СЕНТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Баженовдордун үй-бүлөсүнө жана 73 жаштагы Золотовага карата өкүм чыгарылганы жатат

Баженовдордун үй-бүлөсүнө жана 73 жаштагы Золотовага карата өкүм чыгарылганы жатат

Өкүм жарыяланчу күн

2020-жылдын 25-сентябрында  a Камчатканын Елизовкий райондук соту Константин менен Снежана Баженовдорго жана Вера Золотовага карата өкүмүн жарыялайт деп күтүлөт. Айыптоочу Баженовдорго 600 000 рубль (7 850 АКШ доллары), Золотовага 400 000 рубль (5 235 АКШ доллары) айып пул салууну талап кылууда.

Жеке маалымат

Константин Баженов

  • Туулган жылы: 1977 (Петропавловск-Камчатск шаары, Камчатка)

  • Кыскача таржымалы: Төрт бир туугандын улуусу. Темир уста жана мектепте кол эмгек мугалими болуп иштеген. Балык уулаганды жакшы көрөт.

  • 2001-жылы мугалим болуп иштеген Снежана менен баш кошкон. Елизавета деген кызы бар. Бүт үй-бүлөсү менен Жахаба Кудайга кызмат кылышат.

Снежана Баженова

  • Туулган жылы: 1977 (Шикотан аралы, Сахалин облусу)

  • Кыскача таржымалы: Энеси жалгыз тарбиялаган. Балдарды жакшы көрөт. Баштапкы класстарда мугалим болуп иштечү. Кылмыш иши козголгондон кийин балдар менен иштөөгө тыюу салынган.

  • Кудай жөнүндө жана ага кантип тиленсе болоруна таенеси үйрөткөн. Ошондон тартып эле Кудайга жакын болуп, Ыйык Китепти баалай баштаган.

Вера Золотова

  • Туулган жылы: 1946 (Елизово шаары, Камчатка)

  • Кыскача таржымалы: Чоң үй-бүлөдө чоңойгон. 1966-жылы Юрий Золотов менен баш кошуп, эки балалуу болушкан. Бухгалтер болуп иштеген. Учурда ардактуу эс алууда. Жаратылышка чыкканды, лыжа, коньки тепкенди жакшы көрөт.

  • Көп жылдар бою Кудай жөнүндө билгиси келип, ар кайсы диндердин окууларын изилдеген. Акыры Кудайдын адилет экенин, адамдарды жакшы көрөрүн билгенде аябай кубанган. Жолдошу Жахабанын Күбөсү болгон эмес. Анткен менен Ыйык Китепти изилдегенинин натыйжасында жубайы жакшы жакка өзгөргөнүнө баа берген.

Иштин чоо-жайы

2018-жылдын 19-августунда Елизово шаарында үч ишенимдешибиздин үйү тинтилген. 11 бир тууганыбыз бир нече саат бою суракка алынган. Сегизи коё берилген. Баженовдорго жана Вера Золотовага болсо каршы кылмыш иши козголуп, убактылуу камоо жайына камалышкан. Эки күндөн кийин Снежана менен Вераны бошотушкан. Константинди сегиз күндөн кийин коё беришкен.

Учурда Баженовдордун үй-бүлөсү жана Вера Золотова өздөрүнө чыгарылчу өкүмдү күтүп жатышат. Биз алардын мындан ары да Кудайдан үмүт арта беришин сурап тилене беребиз. Жахабанын аларга кубаныч, тынчтык берип, «ыйык рухтун күчү менен үмүткө бай» кыларынан эч шектенбейбиз (Римдиктер 15:13).

a Өзгөрүлүшү мүмкүн