Мазмунун көрсөтүү

25-СЕНТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Баженовдор жана 73-жаштагы Вера Золотова эки жылга шарттуу түрдө кесилди

Баженовдор жана 73-жаштагы Вера Золотова эки жылга шарттуу түрдө кесилди

2020-жылдын 25-сентябрында Камчатканын Елизовкий райондук соту Баженов Константин менен жубайы Снежанага жана Вера Золотовага карата өкүмүн жарыялады. Айыптоочу Баженовдорго 600 000 рубль (7 850 АКШ доллары), Золотовага 400 000 рубль (5 195 АКШ доллары) айып пул салууну талап кылган. Бирок сот баарын эки жылга шарттуу түрдө кесип, кошумча алты айга чектөөлөрдү койду. Константин менен Снежана жана Вера бир туугандарыбыз түрмөгө камалбаганына, айып пул төлөбөй турганына кубанып жатышат.