Мазмунун көрсөтүү

Константин менен жубайы Маргарита

7-ИЮЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Башкалардын үлгүсүн көрүп, дем-күчкө толгон Константин Моисеенко

Башкалардын үлгүсүн көрүп, дем-күчкө толгон Константин Моисеенко

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: Орусиянын соту Константин Моисеенко бир тууганыбызды шарттуу соттоду

2021-жылдын 14-июлунда Амур облусундагы Зея шаарынын райондук соту Константин Моисеенко бир тууганыбызды айыптуу деп таап, алты жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Өкүм жарыяланчу күн

Амур облусундагы Зея шаарынын райондук соту жакын арада Константин бир тууганыбызга чыгарган өкүмүн жарыялайт a. Прокурор аны күчөтүлгөн режимдеги абакка алты жылга камоону талап кылып жатат.

Жеке маалыматы

Константин Моисеенко

  • Туулган жылы: 1976 (Абакан, Хакасия республикасы)

  • Кыскача таржымалы: Эгиз инилери бар. Жаш кезинде мушташ өнөрүн өрчүтүш үчүн машыкчу. Учурда системдик администратор жана инженер.

    1988-жылы, модельер болуп иштеген Маргаритага үйлөнгөн. Анан экөө 2000-жылдын башында Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ыйык Китептин тарыхий жана илимий жактан так экенин көрүп, Константин аны көбүрөөк изилдегиси келген. Анан ошентип жубайы экөө ошол жылы чөмүлүп Жахабанын Күбөсү болушкан.

    Атасы он жыл мурун өтүп кеткен. Жакында эле кайтыш болгон көзү көрбөгөн чоң апасын алты жылдан бери карап келаткан.

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 11-мартында Амур облусунун Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери Константинге кылмыш ишин козгошкон. Ошондон кийин кызматкерлер тарабынан беш Жахабанын Күбөсүнүн, анын ичинде Константиндин үйү тинтүүгө алынган. Алардын ноутбуктарын, уюлдук телефондорун жана жеке документтерин тартып алышкан. Константинди Орусия Федерациясындагы экстремисттердин тизмесине кошуп коюшкандыктан банк эсептери жабык.

Константин жубайы экөө 2018-жылы Сеулдагы (Түштүк Корея) жыйынга барып келишкен. Ал ошол жакка барып дем-күчкө толуп келгенин көп эстейт. Жыйын учурунда баяндамачылардын бири бейтараптуулугун сактаганы үчүн түрмөгө отуруп чыккандарды ордунан турушун суранган. Ошол учурду эскерип Константин мындай дейт: «Ошондо стадиондогу эркектердин дээрлик баары турду. Анан [баяндамачы] „Карагылачы, булардын баары аман-эсен, тирүү!” – деди. Ошону көргөндө сыноолорду көтөрүп кетсе болоруна көзүм жетти». Баяндамачы Забур 23:5ти да баса белгилеген. Ал аятта: «Сен мага душмандарымдын көз алдында дасторкон жаясың. Башымды май менен майлайсың, чөйчөгүмдү мелт-калт толтурасың»,— делген. Бул сөздөр Константиндин жүрөгүн козгоп, күчкө толтурган.

Константин ишенимдештеринин жөлөп-таяп турганын жогору баалайт. Дүйнөнүн чар тарабындагы Жахабанын Күбөлөрү анын ишине кызыгып, ал үчүн тиленип жатканын билгенде аябай таасирленген. Ал: «Өлкөбүздөгү куугунтукталып жаткан боордошторубуздун баарын аябагандай көп ишенимдештерибиз колдоп жатат. Алар 1 Жакан 3:16дагы „биз... бир туугандарыбыз үчүн жаныбызды бергенге милдеттүүбүз” деген сөздөргө ылайык иш кылып келишет»,— дейт.

Орусиядагы бир туугандарыбызды Жахабанын колдоп келатканын укканда баарыбыз кубанабыз. Бул Кудайыбыздын бизге да кыйынчылык учурунда «кудурет-күч береринен» шектенбегенге жардам берет (Забур 68:35).

a Өкүм кайсы күнү жарыяланары дайыма эле билдириле бербейт