Мазмунун көрсөтүү

Баранов Игорь менен Дулова Дарья

8-СЕНТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Бекем ишеним, кажыбас кайрат көрсөткөн жаштар

Бекем ишеним, кажыбас кайрат көрсөткөн жаштар

Баранов Игорь жана Дулова Дарья кылмышкерлер катары куугунтукталып, түрмөгө кесилиши мүмкүн болсо да кайратынан жазышкан жок. Учурда убактылуу камоо жайында отурган Игорь 19 эле жашта. Ал эми үйү бийлик өкүлдөрү тарабынан тинтилгенде Дарья 18 эле жашта болчу. Алар Орусияда Кудайга ишенгени үчүн кылмышкерлер катары куугунтукталган 380ден ашуун ишенимдештерибиздин эң эле жаштары.

Игорь 2020-жылдын 27-майында камакка алынган. Дарьяга каршы эки бөлөк кылмыш иши козголгон. Алардын сотто каралчу күндөрү белгилене элек. Ушундай катуу кысымга алынышса да, экөө тең Жахабага берилген бойдон калууга чечкиндүү.

Федералдык коопсуздук кызматынын куралданган кызматчылары апасы менен жашаган Игордун үйүн 27-майда тинтишкен. Андан соң Алексей Шатилов деген сот аны ошол аймактагы Жахабанын Күбөлөрүнүн «башчыларынын бири» деген айып менен тергөө камак жайына камоону буйруду.

Игорь үйүндө рейд жүргүзүлгөндө адегенде коркуп кеткенин, бирок Жахабадан тиленгенден кийин тынчтанып калганын айтат. Атүгүл үйдү тинтигиндердин бири ага таң кала: «Келерибизди билгендей эле былк этпей турасың го»,— дептир.

Игорь: «Жахаба буга жол берсе, демек, мен көтөрө алам»,— деп өзүнө кайра-кайра эскертип турарын айтат. Ал мындай дейт: «Жахабадан жардам, коркпогонго ыйык рух аркылуу кайрат беришин сурап жалындуу тиленем. Кылмышкер эмес экенимди билем, ошон үчүн абийирим таза. Мен Кудайга ишенгеним үчүн эле куугунтукталып жатам».

Анын айтканы боюнча камоо жайында аны эч ким коркутуп-үркүтпөйт экен. Тескерисинче, чогуу отургандар аны сыйлап, инисиндей мамиле кылышат. «Алар менин бул жакта негизсиз эле отурганымды эң сонун түшүнүшөт»,— дейт Игорь.

2018-жылдын 1-августунда бийлик өкүлдөрү апасы менен жашаган Дулова Дарьянын үйүн тинтишкен. Дарьянын айтуусу боюнча, тинтүү иштери, андан кийин камакка алынганы жан дүйнөсүн жабыркатса да, ишеними бекем. Ал: «Жахабага болгон берилгендигимен эч жазбайм. Аягы эмне болуп бүтпөсүн, мен Жахабага кызмат кыла берем»,— дейт.

Дарьянын кылмыш иши 2019-жылдын сентябрында Свердловск облусунун Карпинск шаардык соту тарабынан карала баштаган. Сот отурумунун акыркыларынын биринде Дарья сотко кайрылып, адамдардын жашоосунда болгон жакшы нерселери менен бөлүшкөнү кадимки эле нерсе экенин айткан. Анан мындай деген: «Мисалы, жакында Кудайдын жер бетин бейишке айлантып, адамдар кубанычтан гана көзүнө жаш аларына ишенем. Ушундай сонун нерселер тууралуу башкаларга кантип айтпай коё алам?!».

Акылга сыярлык жүйөөлөрдү келтирип, өзүн эр жүрөктүк менен коргогонуна карабай ал 2020-жылдын 27-январында сот тарабынан айыптуу деп табылган. Карындашыбыз бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Ал өкүмгө карата доо арыз тапшырылган.

2020-жылдын 6-августунда Свердловск облустук соту ал чечимди жокко чыгарып, ишти башка сот карасын деп кайра Карпинск шаардык сотуна жиберген. Анын качан каралары азырынча белгисиз. Ал ортодо Дарьяга, апасына жана дагы үч Жахабанын Күбөсүнө экинчи кылмыш иши козголгон.

Игорь менен Дарья бул сыноодон көп нерсени үйрөнүштү.

Дарья ага эмне жардам берери тууралуу мындай дейт: «Ыйык Китепти окуп, жыйналыштарга даярданып, ырларыбызды жаттап, рухийликти чыңдай бериш керек. Кудайдын Сөзүндө жазылгандар тууралуу ой жүгүрткөн ашыкча тынчсызданбаганга, бүдөмүк болгон нерселерден коркпогонго жардам берет».

Игорь болсо: «Мындай куугунтукка чыдаш үчүн Жахаба менен болгон мамилең бекем болушу абзел. Убакытты текке кетирбеш керек. Жахаба Кудай менен болгон мамилени азыртадан бекемдеген маанилүү»,— дейт.

Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын ишенимдүү, кайраттуу болгонго жардам берген көптөгөн жаштардын үлгүсү тууралуу жазылган. Анын Орусияда жана дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун куугунтукталып жаткан сүйүктүү жаштарыбызды азыр да колдой турганына толук ишенебиз (1 Шемуел 1:20; 16:18; 2 Падышалар 5:1—3; Даниел 1:14—17; 3:17—27).