Мазмунун көрсөтүү

Владимир Алушкин камалганга чейин

2019-ЖЫЛ, 13-НОЯБРЬ
ОРУСИЯ

Бириккен Улуттар Уюму Орусия өкмөтүнөн Владимир Алушкинди бошотушун өтүндү

Бириккен Улуттар Уюму Орусия өкмөтүнөн Владимир Алушкинди бошотушун өтүндү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобу (МКЖТ) Орусия өкмөтүн Владимир Алушкинди мыйзамсыз кармап, тергөө камак жайына камаганы үчүн айыптап, 12 беттен турган документ басып чыгарды. Документте Орусия Владимир Алушкинди бошотуп, анын укуктарын бузганы үчүн айып пул төлөшү керектиги айтылган.

2018-жылдын 15-июлунда беткап кийген куралчан полиция кызматкерлери Владимирдин үйүнө келишкен. Алар үйдү төрт саат тинтишкенден кийин чөнтөк телефондорду, электрондук каражаттарды, Ыйык Китептерди жана башка адабияттарды тартып алышкан. Андан соң Владимирди суракка алыш үчүн тергөө кеңсесине алып кетишкен.

Владимир Алушкин Пензанын Первомайский райондук сотунда, 2019-жыл, январь

Жергиликтүү бийликтегилер Владимирди убактылуу кармоочу жайга эки күн камап коюшкан. Андан кийин Пензанын Первомайский райондук соту аны эки айга тергөө камак жайына камаган. Ал сот анын тергөө камак жайында отуруу мөөнөтүн эки жолу узарткан. Камакта алты айдай болгондон кийин Владимир үй камагына бошотулган. Ал азыркыга чейин үй камагында отурат.

Владимир Алушкин аны акташын, эркиндикке чыгарышын өтүнүп МКЖТга доо-арыз менен кайрылган. Адам укуктарын коргогон ал көз карандысыз топ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин алдында иш алпарат. Алар мыйзамсыз кармаган полиция кызматкерлерине, ошондой эле үй камагына, тергөө камак жайына жана түрмөгө камалсын деп чечим чыгарган сотторго каршы доо-арыз жазган адамдардын маселесин чечип берет.

Орусия өкмөтүнүн Владимирге каршы козгогон кылмыш ишин кылдат карап чыккандан кийин МКЖТ мындай жыйынтык чыгарган: «Владимир мырза тынчтыкта өтүп жаткан диний талкууга катышканы үчүн эле айыпталып жатат. Пакттын [Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакт. Бул пактка кол койгондордун ичинде Орусия да бар.] 18-беренесине ылайык, ал дин тутуу эркиндиги жол берген иштерди гана кылып жаткан». Ошондуктан документте «жумушчу топ Владмимир Алушкиндин кармалышы, убактылуу тергөө камак жайына камалышы жана соттолушу мыйзамсыздыкка жатарын баса белгилегиси келери» айтылган. Ошондой эле МКЖТ Орусия өкмөтүнөн «Владимир мырзага байланыштуу маселени создуктурбай чечип берүүнү жана мындай адилетсиздикти жоюш үчүн аны бошотууну» өтүнгөн.

МКЖТ мындай жагдайга Орусияда Владимир Алушкинден башка да Жахабанын Күбөлөрү кабылып жатканын билдирген. «Орусияда андан башка көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү [эл аралык мыйзамдардын негизинде корголушу керек болгон] дин тутуу эркиндигине ылайык иш кылганы үчүн эле кармалып, тергөө камак жайына отургузулуп, аларга каршы кылмыш иши козголуп келет. Алардын саны барган сайын өсүүдө». Ошол себептен МКЖТ Орусия өкмөтүн ал жактагы ишенимдештерибизди куугунтуктап жатканы үчүн айыптап, Владимир Алушкинге байланыштуу иштин «ушундай жагдайга кабылган» башка Жахабанын Күбөлөрүнө да тиешелүү экенин ачык билдирген.

Азырынча Орусия МКЖТнын өтүнүчүн орундатпай жатат. Тескерисинче, Пенза шаарындагы бийлик өкүлдөрү анын ишин 2019-жылдын августунда сотко алып чыгышкан. Сот отуруму 2019-жылдын 15, 19, 22-ноябрында улантылат.

Владимир Алушкиндин ишине байланыштуу чечим чыгарууда Орусия өкмөтү МКЖТнын өтүнүчүн эске алат деп үмүттөнөбүз. Кандай болбосун, биз: «Мен... коркпойм... Жахаба мен тарапта, мага жардам бергендердин арасында... Жахабадан баш маана издеген жакшы»,—деп Жахабага толук ишеним арта беребиз (Заб. 118:6—9).