17-МАРТ, 2021
ОРУСИЯ
Биробижанда Татьяна Загулина кылмышкер катары айыпталууда
Өкүм жарыяланчу күн
Еврей автономдук облусундагы Биробижан райондук соту жакында Татьяна Загулинага каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу өкүмүн жарыялайт a. Айыптоочунун кандай жаза талап кылары азырынча белгисиз.
Жеке маалымат
Татьяна Загулина
Туулган жылы: 1984 (Селекционная айылы, Забайкалье)
Кыскача таржымалы: Кийим боюнча дизайнер окуусун аяктаган. Аялдардын көйнөктөрүн (үйлөнүү үлпөт үчүн көйнөктөр) тигип, тырмак боёп иштечү. Волейбол, теннис ойногонду, бийлегенди, токуганды жакшы көрөт
Табияттын кооздугуна суктанчу жана тиричилик Кудайдын колунан бүткөнүнө ишенчү. Бул ага Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегенге түрткү берген. Ошентип, ал 2010-жылы чөмүлгөн. Ал эми 2012-жылы Дмитрийге турмушка чыккан
Иштин чоо-жайы
2018-жылы, 17-майда полициянын 150 кызматкери ишенимдештерибиздин 22 үйүн тинтишкен. Ал тинтүү операциясы «Сот күнү» деп аталган. Ошондон бери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ошол аймакта жашаган 22 ишенимдешибизге каршы кылмыш ишин козгоду. 2020-жылдын 6-февралында Татьянага жана башка аялдарга «экстремисттик» иштерге катышууда деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон.
2020-жылдын 17-сентябрында Татьянага каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу сот отурумдары башталган. Учурда ал соттун чечимин күтүүдө. Ага өзү жашаган аймактан башка жакка чыгууга тыюу салынган. Ошондой эле анын банк эсептерин бууп коюшкан.
Татьянага Кудайдан тиленгени жана рухий күн тартиби кыйынчылыкка багынбаганга, андан ары да ишенимин коргоп кабар айта бергенге жардам берүүдө. Ал мындай дейт: «[Бийлик өкүлдөрү] келип, үйдү катуу такылдатышканда, коркуп кеттим. Бирок дароо тилендим. Ошондон кийин тынчтанып калдым».
Үйүн аңтарып-теңтерип жатышканда, Татьяна бир кызматкерге ишеними бекемделип жатканын айткан. Кызматкер эмне үчүн деп сураган. Татьяна ага: «Исанын Жакан 15:20да алдын ала айткан сөздөрүнүн аткарылып жатканын көрүп жатам. Ал аятта: „Кул кожоюнунан жогору эмес. Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат“,— деп жазылган»,— деген. «Кызматкерлердин бири мага: „Ушул сөздөрүңүздөн кийин өзүмдү Исаны устунга кадаган адамдай сезип жатам“,— деди. Ошол учурда ишенимимдин бекемделгенин эле эмес, жан дүйнөмдүн жай алганын, жүрөгүмдүн кубанычка толуп чыкканын туйдум. Жахаба жанымда турганын сездим!» — деп кошумчалаган Татьяна. Сот отурумдары башталганда, Татьяна соттон коркпой койгон эмес. Бирок эр жүрөктүк сурап тиленген. Ал: «Азыр ишенимдүү сүйлөп калдым»,— деген.
Биз Жахабанын Орусиядагы боордошторубузду колдоп, алардын «ишеним менен кылып жаткан ишине», «сүйүү менен кылып жаткан эмгегине» жана «туруктуулугуна» батасын төгүп жатканына абдан ыраазыбыз (1 Тесалоникалыктар 1:2, 3).
a Сот өкүмү качан чыгарын алдын ала билүү дайыма эле мүмкүн эмес.