Мазмунун көрсөтүү

Валерий Москаленко бир тууган түрмөдөн бошотулгандан кийин, сот залынын сыртында

2019-ЖЫЛ, 4-СЕНТЯБРЬ
ОРУСИЯ

Валерий Москаленко бир тууган түрмөдөн бошотулду

Валерий Москаленко бир тууган түрмөдөн бошотулду

2019-жылдын 2-сентябрында Хабаровсктогу (Орусия) Железнодорожный райондук соту Валерий Москаленко бир туугандын эки жыл, эки ай коомдук иштерди аткарарын жана алты айга шарттуу бошотуларын жарыялады. Эми ал бир тууган түрмөгө отурбайт.

Чечим чыккандан кийин, Валерий бир тууган камактан бошотулду. Анын үй-бүлөсү менен достору буга абдан сүйүнүп жатышат. Ал 2018-жылдын 2-августунан бери түрмөдө отурган. Камалганга чейин Валерий Москаленко бир тууган электртарткычтын машинистинин жардамчысы катары иштечү. Ошол эле учурда оорукчан апасына да кам көрчү. Шарттуу бошотулгандыктан, ага Хабаровск шаарынан чыгууга болбойт. Ошондой эле ай сайын жазык аткаруу инспекциясына барып, текшерүүдөн өтүп турушу керек.

30-августта соттун алдында сүйлөгөн акыркы сөзүндө ал мындай деген: «Кудайдын Ыйык Китепте айкын көрсөтүлгөн эркине каршы иш кылуу оюма да келбейт. Мага кандай кысым көрсөтүлбөсүн, кандай жазага тартышпасын, атүгүл өлүм өкүмү чыгарылса да, мен ааламдын Жаратканы болгон Жахаба Кудайымдан эч качан баш тартпайм».

Жахабанын Күбөлөрүнүн Европа ассоциациясынын өкүлү Ярослав Сивульский: «Албетте, биз анын күнөөлүү деп табылганына макул эмеспиз. Ошентсе да эми анын үйүнө кайтып барарына сүйүнүп жатабыз»,— деди.

Хабаровск аймагында Валерий бир туугандан башка дагы жети бир тууган аларга каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу кандай чечим чыгарыларын күтүп жатышат.

Биз Валерий бир тууганга тергөө камак жайында отурганда ишенимин бекем сактаганга жардам бергени үчүн Жахабага абдан ыраазыбыз. Биз Кудайдан Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык жашаганы үчүн куугунтукталып жаткан башка бир туугандарыбызга да күч беришин сурап тиленип турабыз (Ышая 40:31).