Мазмунун көрсөтүү

Виктория Верхотурова бир тууганыбыз

18-АВГУСТ, 2021
ОРУСИЯ

Виктория Верхотурова бир тууганыбыз кылмышкер катары айыпталса да, кубанычы кемиген жок

Виктория Верхотурова бир тууганыбыз кылмышкер катары айыпталса да, кубанычы кемиген жок

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жылдын 29-ноябрында Нижний Новгород облусундагы Приокский райондук соту Виктория Верхотурова бир тууганыбызды айыптуу деп таап, төрт жылга шарттуу кесип жиберди. Ал азырынча түрмөгө камалбайт

  2. 2020-жыл, 17-июль

    Викторияга саякаттоого чектер коюлган

  3. 2020-жыл, 26-март

    Викторияга каршы кылмыш иши козголгон

  4. 2019-жыл, 17-июль

    Он полиция кызматкери тергөөчү менен бирге Викториянын үйүн беш саат бою тинтишкен. Алар аны жолдошу Сергейден бөлүп, башка бөлмөгө отургузуп коюшкан. Анан ага түрмөдөгү шарттардын канчалык катаал экенин айтып, коркутуп-үркүткөнгө аракет кылышкан.

Жеке маалымат

Куугунтукка карабай Орусиядагы ишенимдештерибиз Жахабанын жардамы менен кызматын кубанып аткарып жатышат. Биз анын ошол сүйүктүү бир туугандарыбызды мындан ары да «зор кубаныч менен тынчтыкка бөлөй» береринен шектенбейбиз (Римдиктер 15:13).