Мазмунун көрсөтүү

Виталий Попов жана жубайы Наталья

20-МАЙ, 2021
ОРУСИЯ

Виталий Попов Кудайга ишенгени үчүн түрмөгө камалышы мүмкүн

Виталий Попов Кудайга ишенгени үчүн түрмөгө камалышы мүмкүн

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту Виталий Поповдун доо арызын орундаткан жок

2022-жылдын 16-февралында Жалпы юрисдикциянын сегизинчи кассациялык соту Виталий Поповдун экинчи доо арызын четке какты. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

2021-жылдын 23-июлунда Новосибирск облустук соту Виталий Поповдун доо арызын четке кагып, ага чейинки соттун чечимин күчүндө калтырды. Ал үч жылга шарттуу соттолгон болчу

2021-жылдын 21-майында Новосибирсктин Ленин райондук соту Виталий Поповду айыптуу деп таап, 3 жылга шарттуу соттогон.

Жеке маалымат

Виталий Попов

  • Туулган жылы: 1967 (Новосибирск)

  • Кыскача таржымалы: Электрик жана ширеткич болуп иштеген. Союз учурунда аскерде кызмат өтөгөн. Сууда сүзгөндү, футбол, волейбол ойногонду жана ырдаганды жакшы көрөт. Эки байкеси, эки эжеси бар болчу. Виталий бала кезинде бир эжеси менен бир байкеси каза болуп калган. Ошондон улам анын өлүмгө жана келечекке байланыштуу көп суроолору бар болчу.

    Ыйык Китепти 1990-жылдары изилдей баштаган. Адамдар эмне үчүн өлөт деген суроосуна канааттандырарлык жооп тапкан. Жахабанын Күбөлөрүнүн бири-бирин аябай жакшы көрөрүн, урматтаарын жана колдоорун көрүп абдан таасирленген. 1994-жылы чөмүлгөн. Жубайы Наталья менен 2011-жылы баш кошкон.

Иштин чоо-жайы

2019-жылы 27-июнда өкмөттөгүлөр Виталийге каршы кылмыш ишин козгогон. 2020-жылы 9-апрелде укук коргоо органындагылар үйүнө келип, аны суракка алганы кармап кетишкен. Сурак 4 сааттан ашуун убакытка созулган.

Виталийди экстремисттердин тизмесине кошуп коюшкан. Анын айынан анын банк эсеби тоңдурулган. Эки ай өткөндөн кийин аны жумушунан чыгууга мажбурлашкан. Жумуштан чыгып калгандан кийин, үй-бүлөсү тыйын-тыпыр жагынан аябай кыйналышкан.

Жахаба Виталийдин үй-бүлөсүн таштаган жок. Виталий мындай деген: «Ал бизге бардык жактан — рухий, материалдык, эмоциялык — жактан кам көрүп жатат. Биз үй-бүлөбүз менен Жахабанын жардамына аябай ыраазы болуп жатабыз. Бул бизге бардык кыйынчылыктарга чыдаганга, туура маанай сактаганга күч берип жатат».

Виталий сыноолорго сынбоонун сыры эмнеде экени тууралуу мындай деп бөлүшкөн: «Мурунтан бери келаткан рухий күн тартибиме карманганым Жахаба менен болгон мамилемди бекем сактаганга жардам берди. Анын чыныгы Кудай экенине болгон ишенимим мурункудан да бекем болуп калды. Ошондой эле, эмне болбосун, ага таянганга үйрөндүм». Виталийдин рухий күн тартипке карманганы, анын үй-бүлө менен сыйынуу өткөргөнүн, жыйналышка барып эле койбой, ага катышканын, кызматка дайыма чыкканын жана чын жүрөктөн тиленгенин билдирет. Ал: «Эгер рухий күн тартипке карманбаганда Жахабага таянып, бардык кыйынчылыктарды жеңе алмак эмесмин»,— деген.

Виталийге байланыштуу соттун чечимин күтүп жатып, ал үчүн тиленип турабыз. Бизге «күч-кубат берген» Кудайыбыз Жахабанын Орусиядагы куугунтукту кайраттуулук менен көтөрүп жаткан ишенимдештерибизге да кайраттуулук береринен шектенбейбиз (Филипиликтер 4:13).