Мазмунун көрсөтүү

Алушкин Владимир жубайы Татьяна менен

16-СЕНТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Владимир Алушкин түрмөгө камалбай турган болду

Владимир Алушкин түрмөгө камалбай турган болду

2020-жылдын 16-сентябрында Пенза облустук соту Владимир Алушкиндин, Владимир Кулясовдун, Андрей Магливдин, Денис Тимошиндин жана Татьяна Алушкина менен Галия Ольхованын иши боюнча чечимин жарыялады. Владимир Алушкиндин 6 жылга эркинен ажыратуу жазасы 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу жазасына алмаштырылды. Владимирдин түрмөгө камалбай турганына сүйүнүп жатабыз. Шарттуу түрдө кесилген калган ишенимдештерибизге карата чечим күчүндө калды.