Мазмунун көрсөтүү

Татьяна Алушкина түрмөдөн бошотулган күйөөсү Владимирди кучактап тосуп алды

10-АПРЕЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Владимир Алушкин түрмөдөн бошотулду

Владимир Алушкин түрмөдөн бошотулду

Владимир Алушкин 2020-жылдын 30-мартында түрмөдөн бошотулуп, үйүнө кайтып барды.

Ал Пенза облустук сотунун 25-мартта чыгарган чечиминин негизинде акталды. Бул чечимдин аркасында Владимир Алушкинге, Владимир Кулясовго, Андрей Магливге, Денис Тимошинге жана Татьяна Алушкина менен Галия Ольховага да коюлган айып жокко чыгарылды. Пенза облустук соту алгачкы сотко бир туугандардын ишин башка соттор кайра карашын тапшырган. Ошол убакта алты ишенимдешибизге эч жакка кетпөө боюнча бөгөт чарасы жана дагы башка чектөөлөр коюлган.

Владимир бир тууганыбыздын эркиндикке чыкканын угуп, сүйүнүп жатабыз. Бирок эки күндөн кийин эле Орусиянын түндүк-чыгышында жашаган башка бир тууганыбыз ишеними үчүн айыптуу деп табылды. Соттордун ушундай адилетсиз чечим чыгарып жатканына карабай, Орусиядагы ишенимдештерибиз Накум 1:7деги: «Жахаба жакшы, ал алаамат күнү чеп болот. Ал андан баш маана издегендерди билет»,— деген сөздөрдү эсинен чыгарбай келишет.