30-ИЮЛЬ, 2021
ОРУСИЯ
Геннадий Герман менен Роман Гридасов түрмөдөн бошотулду
2021-жылы 29-июлда Геннадий Герман менен Роман Гридасов жаза мөөнөтүн аягына чейин өтөп, абактан бошотулушту. Алар Оренбургдагы түрмөгө алынып катуу ур-токмокко алынган саратовдук беш ишенимдешибиздин арасында болчу. Феликс Махаммадиев 2021-жылдын январында, ал эми Алексей Буденчук 2021-жылдын июлунда эркиндикке чыгышкан. Алексей Мирецкий болсо азырынча Оренбургдагы түрмөдө. Ал 2021-жылдын август айынын башында бошотулат.