Мазмунун көрсөтүү

Түрмөдөн бошотулган Геннадий Шпаковскийдин аялы Татьяна жана кызы Мария менен жолугушуп жаткан учуру

3-АВГУСТ, 2020
ОРУСИЯ

Геннадий Шпаковский түрмөдөн бошотулду

Геннадий Шпаковский түрмөдөн бошотулду

2020-жылдын 3-августунда, дүйшөмбү күнү, Псков облустук сотунун чечими менен Геннадий Шпаковский бир тууганыбыз түрмөдөн бошотулду. Күнөөлүү деген айыпты жокко чыгарбаса да, сот анын алты жарым жылга эркинен ажыратуу жазасын ошол эле мөөнөткө шарттуу жазага алмаштырды. Чечим чыгарылгандан бир нече сааттан кийин Шпаковский бошотулду. Айыптоочу даттануу менен кайрылууга укуктуу.