Мазмунун көрсөтүү

Юлия Каганович

11-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Даярдык көргөнү Юлия Кагановичке куугунтукка чыдаганга жардам берүүдө

Даярдык көргөнү Юлия Кагановичке куугунтукка чыдаганга жардам берүүдө

Өкүм жарыяланчу күн

2021-жылдын 18-февралында a Еврей автономдук облусундагы Биробижан райондук соту Юлия Кагановичке байланыштуу чечимин жарыялайт. Прокурордун ага кандай жаза талап кылары азырынча белгисиз.

Жеке маалымат

Юлия Каганович

  • Туулган жылы: 1966 (Михайловка шаары, Волгоград облусу)

  • Кыскача таржымалы: Курулуш жаатында адистиги бар. Жаш кезинде бий ийримдерине катышчу. Музыкалык мектепти бүткөндөн кийин оркестрда ойноп жүргөн, хордо да ырдачу. Жолдошу Александр Жахабанын Күбөсү болбосо да, Юлияны колдойт. Александр жубайына каршы козголгон кылмыш ишин барып турган адилетсиздик деп эсептейт.

    Жакындарынан айрылганда жашоонун маңызы тууралуу ойлоно баштаган. Ыйык Китептен алган жооптору жан дүйнөсүн тынчытып, үмүт байлаткан. 1998-жылы чөмүлгөн. Ыйык Китептеги принциптер никесинин бекем болушуна, башкалар менен жакшы мамиледе болууга жардам берип келет. Күйөөсү экөө Артур деген уулун тарбиялап, чоңойтушкан. Ал дагы Жахабанын Күбөсү.

    Куугунтуктун айынан ансыз деле начар ден соолугу ого бетер начарлап кеткен.

Иштин чоо-жайы

«Эшигибизди таң атпай бирөөлөр такылдатышты. Бирок мен алардын ким экенин дароо түшүндүм,— дейт Юлия.— Жүрөгүм лакылдап чыкты. Ичимен: „Жахаба, мага жардам берчи. Суранам, жардам берчи“,— деп эле кайталап жаттым».

Орусиянын Биробижан шаарында жашаган 53 жаштагы бул ишенимдешибизге каршы кылмыш иши 2019-жылдын 10-октябрында козголгон. Таң атпай анын үйүн тинтиген Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери андан кийин ошол аймактагы Жахабанын Күбөлөрүнүн 200дөй үйүнө барышкан.

Тинтүү иштери баарын катуу стресс кылган. Бирок Юлия жана башка ишенимдештерибиз мындай жагдайга алдын ала даярдангандыктан кайратынан жазган эмес.

Юлия мындай дейт: «Бизге жыйналыштан бир күнү үйүбүздү тинтип келишери, ага даяр болушубуз керектиги көп айтылчу. Ошон үчүн, эгер ошондой болуп калса, эмне кыларымды, эмне деп айтарымды алдын ала ойлонуштуруп алгам». Анан ал сөзүн мындай деп улайт: «Алдын ала баарын ойлонуп койгонум аябай жакшы болуптур. Ошондуктан алапайымды таппай калган жокмун, дүрбөлөңгө да түшкөн жокмун».

Баарына белгилүү болгондой эле, үйлөрдү тинтишкенден кийин эле Орусиянын бийлик өкүлдөрү ишенимдештерибизге каршы кылмыш ишин козгошкон. Юлия менен башка Жахабанын Күбөлөрүнө «экстремисттик уюмдун иштери менен алектенген» деген айып коюлган.

2020-жылдын 3-мартында алардын иши Биробижан райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Иш COVID-19 пандемиясынан улам беш айга токтотулуп турган. Ошентип, Юлия сотко 2020-жылдын 22-октябрында чакырылган.

«Бир чети, ушундай жагдайга кабылганыма капа болдум. Ошентсе да Жахаба тарапта туруп, анын эгедерлигин жактап жатканыма сүйүндүм»,— деп бөлүшөт Юлия.

Андан ары ал мындай дейт: «Ышая 41:10догу сөздөр мен үчүн жазылгандай эле болду. Аны көргөн сайын Жахабанын ошол убадасын эстеп турайын деп кагазга чыгарып алып, үйүмө илип койдум. Жахабанын „титиреген тизелеримди“ чыңдап койгонун жон терим менен сезип көрдүм!»

Юлия кыйын жагдайга карабай жан дүйнө тынчтыгын сактаганга, кайраттуу бойдон калганга жана кубанычын жоготпогонго жардам бере турган бир нече аятты жаттап алган.

Ар бирибиз куугунтукка даяр болуш үчүн эмне деп айтарыбызды, эмне кыларыбызды алдын ала ойлонуштуруп койгонубуз акылдуулукка жатат. Ошондой эле Жахаба менен болгон мамилебизди бекемдей бергенибиз маанилүү. Жахабанын «кынтыксыз жүргөндөрдү жакшылыктан кем кылбай» турганына кымындай да шектенбесек болот (Забур 84:11).

a Күнү өзгөрүшү мүмкүн.