Мазмунун көрсөтүү

Орёл облустук соту

2019-ЖЫЛ, 17-МАЙ
ОРУСИЯ

Деннис Кристенсендин доо арызын кароо боюнча акыркы сот ишинин 23-майда болору күтүлүүдө

Деннис Кристенсендин доо арызын кароо боюнча акыркы сот ишинин 23-майда болору күтүлүүдө

Деннис Кристенсендин доо арызын кароо боюнча сот отуруму, пландаштырылгандай эле, 2019-жылдын 16-майында, бейшемби күнү, өткөрүлдү. Айыптоочулар менен жактоочулардын акыркы жарыш сөзү болду. Кристенсен да өзүн коргоп бир саатка жакын сөз сүйлөдү. Бул сот отурумуна да ар кайсы өлкөлөрдүн дипломаттары, журналисттери катышты. Мындан Кристенсендин камалганынан эки жылдай өтсө да, эл аралык жаңылыктарга чыгып жатканын жана дүйнө анын ишине кызыгып, көңүл буруп жатканын билүүгө болот.

Негизи, сот отуруму 17-майда, жума күнү да, улантылмак. Бирок соттор сот отуруму 23-майга, бейшемби күнгө, жылдырылганын жана ошол күнү саат 10:00дө улантыларын билдирген. Соттор акыркы чечимин чыгарганга чейин, Кристенсенде өзүн коргоп акыркы сөзүн айтууга мүмкүнчүлүк болот. Чечим 23-майда күндүн аягына чейин жарыяланабы же дагы башка күнгө жылдырылабы, азырынча белгисиз.

Оң маанай сактап, берилгендигинен жазбаганга чечкиндүү болгон Деннис Кристенсен жана Сергей Скрынников сыяктуу бир туугандарды көргөндө кайраттанабыз. Биз Орусиядагы бир туугандарга карата тесалоникалыктарга кайрылган элчи Пабылдыкындай сезимдерди туюп жатабыз. Ал аларга: «Башыңарга түшкөн кыйынчылыктарга, куугунтуктарга карабай туруктуу болуп, ишенимиңерди сактап келатканыңар үчүн,.. силер менен сыймыктанабыз»,— деп жазган (2 Тесалоникалыктар 1:4).