Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 31-ЯНВАРЬ
ОРУСИЯ

Деннис Кристенсендин ишине байланыштуу чечим 2019-жылдын 6-февралда чыгары жарыяланды

Деннис Кристенсендин ишине байланыштуу чечим 2019-жылдын 6-февралда чыгары жарыяланды

Деннис Кристенсенге каршы козголгон иш Орёлдогу Железнодорожный райондук сотунда каралып бүттү. Сот чечимин 2019-жылдын 6-февралда чыгарарын жарыялады.

Деннис бир тууган 2017-жылдын 25-майында кармалып кеткенден бери камакта отурат. 2018-жылдын 19-февралында ага каршы кылмыш иши козголгон. Эгер Деннис бир тууган күнөөлүү деп табылса, тергөөчүнүн талабы боюнча ал алты жарым жылга кесилиши мүмкүн.

20 айдан бери камакта отурганына карабай Деннис бир тууган оң маанай сактап жатат. Ошондой эле Жахабага толугу менен таянууда жана бүткүл дүйнө жүзүндөгү бир туугандардын ал үчүн тиленип жатканына ыраазы болууда (2 Тесалоникалыктар 3:1, 2).