Мазмунун көрсөтүү

25-МАЙ, 2020
ОРУСИЯ

Деннис Кристенсендин түрмөдө отурганына үч жыл болду. Ал кубанычын жоготпой, ишенимдүүлүгүнөн жазбай келет

Деннис Кристенсендин түрмөдө отурганына үч жыл болду. Ал кубанычын жоготпой, ишенимдүүлүгүнөн жазбай келет

Деннис Кристенсендин Орусияда адилетсиз түрдө камалганына бүгүн туура үч жыл болду. 2017-жылдын 25-майында камакка алынганынан тарта айрым досторубуз бул сыноонун ага кандай таасир эткени жөнүндө сурап келишет. Деннис бул суроого дайыма: «Ишенимим мурдагыдан да күчтүү болуп калды»,— деп жооп берет.

Ал мындай дейт: «Ыйык Жазманын Жакып китебинде жазылгандардын калетсиздигине барган сайын ынанып келем. Ал китептин биринчи бөлүмүнүн 2, 3-аяттарында: “Бир туугандарым, башыңарга түшкөн ар кандай сыноолорду кубаныч менен кабыл алгыла. Анткени сыналган ишенимиңер туруктуулукту жаратарын билесиңер”,— делген».

Көңүлдү кайт кылган жагдайлар менен аягы бүткүстөй көрүнгөн көйгөйлөргө карабай Деннистин ишенимин бекем сактап, кубанычын жоготпой келатканы суктандырбай койбойт.

Адегенде Деннисти өзү жашаган Орёл шаарынан алыс эмес жердеги убактылуу камоо жайына камашкан. Жубайы Иринага жолдошу менен жолугуп турууга уруксат берилген. Ал жакта эки жылдай болгондон кийин 2019-жылдын февралында соттун чечими менен алты жылга түрмөгө кесилген. Тилекке каршы, үч айдан кийин апелляциялык сот анын бул чечимге карата берген доо-арызын канааттандыруусуз калтырган. Натыйжада чечим күчүнө кирип, Деннисти Орёл шаарынан жана сүйүктүү жубайы Иринадан 200дөй километр алыстыкта жайгашкан түрмөгө которушкан.

Мыйзамга ылайык, бир жылдан бери Деннис Кристенсен эртерээк бошонуш үчүн өтүнүч менен кайрылуу укугуна ээ. Ушул күнгө чейин ал андай төрт өтүнүч тапшырган. Үчөө канааттандыруусуз калтырылды. Буга карабай Деннис ишенимдүүлүгүнөн жазган жок.

Ал момундук менен мындай дейт: «Ирина экөөбүз жеткилең эмеспиз, ошентсе да сыноолорду көтөргөнгө, кубанычыбызды жоготпогонго үйрөндүк. Баарынан маанилүүсү, асмандагы Атабыз Жахаба Кудайга мурдагыдан да жакын болуп калдык».

Орусияда куугунтукталып жаткан кымбаттуу бир туугандарыбыз жөнүндө мындан ары да тилене беребиз. Жахабанын болсо аларга жан-дүйнө бейкуттугун сактаганга жардам берерине толук ишенебиз (Матай 5:11, 12).