Мазмунун көрсөтүү

Орёл облустук соту

2019-ЖЫЛ, 11-ИЮНЬ
ОРУСИЯ

Деннис Кристенсендин 2019-жылдын 16-майында сотко кайрылгандагы сөздөрү

Деннис Кристенсендин 2019-жылдын 16-майында сотко кайрылгандагы сөздөрү

2019-жылдын 16-майында, бейшемби күнү, Деннис бир тууган сотто өзүн коргоп бир саатка жакын сөз сүйлөдү. Төмөндө анын сотко кайрылгандагы (орус тилинен которулган) таасирдүү сөздөрү жазылды:

Көптөгөн жылдар мурун бир ыймансыз киши айткандай, «калп канчалык көп кайталанып айтылса, ошончолук чындыктай сезиле берет», башкача айтканда, калп миң жолу айтылса, бара-бара чындык болуп калат. Айрымдар чындыктай кылып көрсөткөн ошол калптын айынан азап-кайгы көбөйүп, канчалаган бейкүнөө адамдар жабыр тартышкан.

Мунун баары мурунку кезде болгон. 21-кылымда жашаган илим-билимдүү адамдар тарыхтан сабак алып, бир нерсеге үйрөнүштү болуш керек деп күтөсүң.

Бирок, тилекке каршы, андай болбой жаткандай сезилет. Мага жана Орусиядагы башка Жахабанын Күбөлөрүнө сот жүргүзүүдө ошол эле ыкмалар колдонулууда. Ошол калп кайрадан көп кыйынчылык туудуруп, бейкүнөө адамдардын жабыр тартышына себеп болууда.

Мени да ошондой калптын негизинде сот тарабынан экстремисттик уюм деп табылып, тыюу салынган Орёлдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюмунун (ЖДУ) иштерин колдогонун улантууда жана ал уюмду колдош үчүн жашыруун иш-аракет кылууда деп күнөөлөп жатышат.

Мага сот жүргүзүлгөн сайын, ошол жалган айып кайра-кайра кайталанып келди. Бирок эч кандай далил табылган жок. Мени айыптагандар ушундайча жалганды чындыктай кылып көрсөтүүгө аракет кылып келишет.

Чындыгында, мен эч качан Орёлдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюмунун мүчөсү болгон эмесмин.

Ооба, мен Кудайга ишенген адаммын, Жахабанын Күбөсүмүн. Досторум да, өзүм да Орёлдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюмуна эч кандай тиешеси жок топ уюштурган диний жолугушууларга барып жүрчүбүз. Ошенткенибиз Орусия Федерациясынын Конституциясынын 28-беренесинде жазылгандарга ылайык, толугу менен мыйзамдуу деп эсептелет.

Орёлдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюмунун иштерин колдогон эмесмин, Орусиянын мыйзамдарына каршы иш кылган да эмесмин. Экстремисттик иштердин эч бирине катыштыгым жок.

Көптөр менден: «Эмне үчүн тынчтыкта жашоого умтулган Жахабанын Күбөлөрүн экстремисттер деп айыптап жатышат? Алар чынында эмнени экстремисттик деп эсептешет?» — деп сурашат. Мен аларга: «Билбейм»,— деп жооп берем.

Жахабанын Күбөлөрү жакындарын өзүн сүйгөндөй сүйүшөт. Алар коомго пайда алып келген жакшы иштерди кылганга аракет кылышат. Өкмөттүн мыйзамдарына баш ийген, алык-салыктарды төлөгөн чынчыл адамдар. «Экстремисттер» деп аталгыдай алар эмне кылышты? Мунун себебин такыр түшүнбөйм. Сот процесстеринде да бул суроомо жооп ала алган жокмун.

Мени онго жакын кишиден турган, сот тарабынан экстремисттик деп табылган чакан юридикалык жактын иштерин колдогонун токтотпой жатат деп айыптап жатышат. Ошол юридикалык жактын иштерин качан жана кантип колдодум эле? Кайсы ишим экстремисттик ишке жатат?

Сот учурунда ушул суроолорумдун бирине да жооп ала алган жокмун. Эмне үчүн экенин билесиңерби? Анткени алар калпты кайра-кайра кайталап, аны чындыктай кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатышат.

Бул жерде, Орусияда, кимдир бирөө тынчтыкта жашаган Жахабанын Күбөлөрүн экстремисттер катары көрсөтүүгө бүт күчүн жумшоодо. Бирок бул адилетсиздик жана чындыкка карама-каршы келет. Жахабанын Күбөлөрү экстремисттер эмес. Эмне үчүн экенин билесиңерби?

Биринчиден, Жахабанын Күбөлөрү эч качан колуна курал алышпайт жана кагылышууларга катышпайт. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда алар Германиянын «Верхмат» деп аталган куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөдөн баш тартып, өмүрүн тобокелге салышкан. Алар Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгыш фронтуна барышкан эмес, Советтер Союзунун аскерлерин өлтүрүшкөн эмес.

СССРде болсо Жахабанын Күбөлөрү катуу куугунтукка алынып, коммунизмге каршы болгон эл душмандары деп аталышкан. Бирок аларды куугунтуктагандарды жек көрүшкөн эмес.

Жахабанын Күбөлөрүнүн бүгүнкү күндөгү боордоштугу ар кайсы улуттан, элден чыккан ар кандай адамдардан турат. Алар бири-бири менен тынчтыкта, бейкуттукта жашашат. Бул, баарыбыз ар кандай болсок да, адамзатты бөлүп-жарган айырмачылыктарды жеңе аларыбызды көрсөтүп турат.

Экинчиден, дүйнөнүн Орусиядан башка бир да жеринде Жахабанын Күбөлөрү экстремисттер деп айыпталышкан эмес. Жахабанын Күбөлөрү жер жүзүнүн 200дөн ашуун өлкөсүндө эч кимге тоскоолдук жаратпастан, Кудайга ээн-эркин сыйынып жатышат. Алар экстремизм менен эч кандай байланышы жок, тынчтыкка умтулган адамдар катары таанымал.

Алардын баары Ыйык Китепке негизделген бирдей окууларга ишенишет. Ал окуулар сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамкайлык, боорукердик, жакшылык, ишеним, [жумшактык] жана өзүн өзү кармай билүү сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет.

Ыйык Китепте ал сапаттар «рухтун жемиши» деп аталат. Андай сапаттарды чагылдыргандардын коомдо эч кандай көйгөйлөрдү жаратышы жана экстремизм менен кандайдыр бир жалпылыгы болушу мүмкүн эмес. Тескерисинче, башкаларга пайда гана алып келишет.

Үчүнчүдөн, Орусиянын «Экстремисттик иш-аракетке каршы туруу жөнүндөгү мыйзамынын» Жахабанын Күбөлөрүнө каршы колдонулганы Орусиянын адам укуктары боюнча адистери тарабынан сынга алынууда. Алардын көбү мунун мыйзам менен башкарылган жана демократиялык өлкө болуп эсептелген Орусиянын аброюн түшүрүп жатканын ачык билдиришти. Эгер Жахабанын Күбөлөрүнүн экстремисттер экенин тастыктаган кымындай эле далил бар болсо, ал кадырлуу адистер ошол мыйзамдын ушундай жол менен колдонулуп жатканын айыпташмак эмес.

Төртүнчүдөн, Орусиянын «Экстремисттик иш-аракетке каршы туруу жөнүндөгү мыйзамынын» ушундайча колдонулуп жатканына эл аралык уюмдар да нааразы болууда. Европа Кеңешинин Парламенттик жыйыны Орусиянын бийликтерин бул мыйзамды Жахабанын Күбөлөрүнө каршы колдонушун токтотууга үндөп жатат. Орусиянын «Экстремисттик иш-аракетке каршы туруу жөнүндөгү мыйзамынын» Жахабанын Күбөлөрүнө каршы колдонулуп жатканына жана ошонун айынан тынчтыкты сүйгөн, бейкүнөө адамдардын куугунтукталганына тынчсызданып жатканын БУУнун Адам укуктары боюнча комитети бир канча жолу билдирген.

Иса Машаяк өзүнүн жолдоочуларын: «Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат»,— деп эскерткен (Жакан 15:20) a. Акыры, ал күнөөлүү деп табылып, мындайча айтканда, «экстремист» дегендей жалган жалаанын негизинде өлтүрүлгөн. Бул барып турган адилетсиздик болгон.

Бирок биз 1-кылымда жашаган жокпуз, орто кылым жөнүндө да сөз жүргөн жок. Биз адам укуктары жана дин тутуу эркиндиги урматталууга тийиш болгон 21-кылымда өмүр сүрүп жатабыз. Ал укуктарга бардык жарандар бирдей деңгээлде ээ болушу керек.

Адамга Кудайга ишенүүгө тыюу салып, ошенткени үчүн түрмөгө камоо туурабы? Менимче, бул туура эмес. Бул — мыйзам менен башкарылган демократиялык өлкөлөрдө эмес, жарандарын кыңк эттирбей бийлеген өлкөлөрдө гана болчу көрүнүш. Мен Орусиянын демократиялык өлкө экенине же жок эле дегенде, ушуга умтуларына үмүттөнөм.

Ушул сот иштеринин жүрүшүндө Орусияда айрымдардын туткан динин чыныгы дин деп эсептеп, буга ачык ишенгендерди экстремист катары көрөрүн уктум. Бирок бул такыр акылга сыйбаган нерсе. Себеби динчил адамдардын баары туткан динин чыныгы деп эсептешет. Эгер алар буга ишенбей турган болсо, анда эмне үчүн ошол динди тутушмак эле?

Өзүнүн динин чыныгы дин деп эсептегени үчүн эле кимдир бирөөнү экстремист деп айыптай турган болсок, анда Иса Машаяк да экстремист болуп калмак. Ал Понтий Пилатка: «Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүш үчүн төрөлүп, ошол үчүн дүйнөгө келгем. Ким чындык тарапта болсо, ал менин үнүмө кулак салат»,— деп айткан болчу (Жакан 18:37).

Исанын сөздөрү Ыйык Китептен чындыкты табууга болорун көрсөтүп турат. Ал чындык жөнүндө кабар айткан жана шакирттерин да ушуга үйрөткөн. Ал чындык деп жалпы чындыкты эмес, Кудайдын ой-ниети жөнүндөгү чындык жөнүндө кеп кылган. Негизи, Кудай Исанын, Дөөтүнүн уулунун (урпагынын), Башкы дин кызматчы жана Кудайдын Падышалыгынын Падышасы болушун ниет кылган.

Иса жерге келгенинин жана кызмат кылганынын негизги себеби Падышалык жөнүндөгү чындыкты жарыялоо болгонун айткан. Чындык жөнүндө күбөлөндүргөнү үчүн бүгүнкү күндө Иса экстремист деп эсептелеби?

Жахабанын Күбөлөрү анын үлгүсүнө карманып, Ыйык Китепте жазылган чындыкты, тактап айтканда, адамзаттын көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чечип бере алары жөнүндөгү чындыкты жарыялашат. Алар Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китепте жазылгандарды адамдардын баарына кабарлашат.

Иса бир жолу Кудайдан тиленип жатып: «Аларды чындык аркылуу ыйыкта. Сенин сөзүң — чындык»,— деп айткан (Жакан 17:17). Андыктан бардык адамдардын Ыйык Китептен чындыкты билиши маанилүү. Ал билим пайда гана алып келет жана экстремизм менен түк да байланышы жок.

Жахабанын Күбөлөрүнөн башка адамдар деле Ыйык Китепти жогору баалашат. Орус окумуштуусу Михайил Ломоносов: «Жараткан адам баласына эки китеп берген. Алардын бири аркылуу Өзүнүн улуулугун ачып берсе, экинчиси аркылуу Өзүнүн эркин ачып берген. Биринчиси — анын колунан бүткөн көзгө көрүнгөн дүйнө... Экинчиси — Ыйык Жазма»,— деп айткан.

Ломоносовдун Ыйык Жазманы кылдат изилдегени шексиз. Анын айткандары туура. Чын эле, жаратылыштагы нерселерге байкоо салуу менен Кудай жөнүндө көптү билүүгө болот. Ал эми анын Сөзү болгон Ыйык Китепти окуп, изилдесек, ал тууралуу андан да терең билим ала алабыз.

Ыйык Китепте анын өзү тууралуу мындай деп жазылган: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн,.. адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ошонун аркасында Кудайдын кишиси ар тараптуу билимге ээ болуп, ар кандай жакшы ишке толугу менен даяр болот» (2 Тиметей 3:16, 17). Ооба, ар бир жакшы ишке даяр болот.

Мен катышып жүргөн жана Орёлдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюму, атап айтканда, юридикалык жагы менен эч кандай байланышы болбогон жолугушууларда биз так ошол жакшы иштерди башкаларга кантип кылсак болорун талкуулачубуз.

Соттон 2017-жылдын 19 жана 26-февралында өткөрүлгөн диний жолугушууларыбыз тартылган 2 видео көргөн болчубуз. Ал видеодон экстремизмден кабар берген кенедей да бир нерсе көргөн да, уккан да жокпуз. Биз Ыйык Китептеги бардык адамдарга пайда гана алып келе турган ойлорду талкуулап отурган болчубуз. Ал жакта тынчтык, кубаныч өкүм сүрүп турган. Бул — бардык Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушууларына мүнөздүү нерсе.

Ыйык Китептеги биз талкуулаган ойлор коомго залакасын эч тийгизбейт. Анын ордуна, алар көптөгөн адамдарга чоң жардам берүүдө жана сооротуп-жубатууда. Мисалы, жакшы көргөн жакындарынан айрылгандар үчүн Ыйык Китепте: «Акыркы душман — өлүм — жок кылынат»,— деген жүрөк козгоорлук убада камтылат (1 Корунттуктар 15:26).

Өлүм — ар бир пенденин душманы. Бирок ал Кудайдын душманы эмес, ал андан коркпойт. Ышая 25:8де: «Ал өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Эгедер Теңир Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт»,— деген убада камтылат.

Ошол убактын кандай болорун элестетип көрсөңөр. Ал учурда сөөк коюу каадасы, мүрзөлөр жок болот. Кудай өлгөндөргө карата ой-ниетин жүзөгө ашырганда, күйүттөн улам төгүлгөн көз жаштын ордуна кубанычтын көз жашы куюлат. Ошондо өлүмдөн улам пайда болгон сан жеткис жан дүйнө жарааттары айыгат.

Бул үмүт мени да абдан сооротот, анткени шум ажал абдан жакшы көргөн көптөгөн жакындарымды алып тынган. Камакта отурган учурда жанымдай жакшы көргөн, жогору баалаган чоң апам, Хелга Маргрет Кристенсен, өтүп кетти.

Үйдөгүлөрүмдөн чоң апам биринчилерден болуп Ыйык Китепти изилдеп, Жахабанын Күбөсү болгон. Ал Ыйык Китептен билген чындыкты адегенде атама, андан соң мага үйрөткөн. Аны жакшы тааныгандардын баары: кошуна-колоңдор, чогуу иштешкендер, үйдөгүлөрү аны абдан жакшы көрүшчү жана урматтап-сыйлашчу.

Чоң апам да, туткан дини, улуту же терисинин түсү кандай болбосун, бардык адамдарды жакшы көрүп, сыйлап турчу. Ал ар бир адамга жардам берүүгө жана кошуна-колоңдоруна жакшылык кылууга умтула турган. Айрымдар аны экстремист деп аташы мүмкүн. Бирок көптөр буга такыр кошулмак эмес.

Мен Кудайдын аны тирилте турган, аны менен кайрадан жолуга турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам. Тилекке каршы, экстремизмге байланыштуу айып менен камакта отургандыктан, ал каза болгондо, бара албай калдым. Үй-бүлөмдү ушундай оор учурда сооротуп-жубата албай калдым.

Өлгөн адамдардын тирилерине байланыштуу Ыйык Китептеги үмүт мени сооротот. Ошондой эле чоң апамдан түбөлүккө айрылбаганыма жана Кудайдын Падышалыгынын бийлигинин тушунда жамандыктан тазаланган жер бетинде кайрадан көрө аларыма бекем ишенүүгө негиз берет. Бул үмүт мага дем-күч берип, жубатып жаткандыктан, башкаларга да ошондой таасир эте алат деп толук ишенем.

Жолугушууларда Ыйык Китепке негизделген дагы бир ой — келечекте жер бети бейишке айланары — жөнүндө да талкуулачубуз. Ал убадага ылайык, тамак-аш кенен болот, адамдар тынчтыкта өмүр сүрүшөт. Ошондой эле Ышая 33:24төгү: «Ошондо тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт. Ал жерде жашаган элдин күнөөсү кечирилет»,— деген сөздөргө ылайык, бир да киши оорубайт.

Ушундай сонун убадалар коомго зыян алып келеби? Жок, тескерисинче, адамдарга үмүт берип, кубаныч тартуулайт. Иса өзү да: «Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деп айткан (Лука 11:28).

Буга ишенеби же жокпу, ар ким өзү чечет. Кудай эч кимди ага кызмат кылууга мажбурлабайт. Жеремия 29:11де: «„Мен силерге байланышкан ой-ниетимди жакшы билем,— дейт Жахаба.— Силерге алаамат эмес, тынчтык берүүнү, келечек менен үмүт берүүнү ниет кылып жатам”»,— деп жазылган.

Кудай ар бирибизге жашоонун эң мыкты жолун — аны менен ынак мамиле өрчүтүүнү — сунуштап жатат. Жахабанын Күбөлөрү адамдарды ошол жолду тандоого, башкача айтканда, Кудай менен дос болуп, түбөлүк өмүр сүрүүгө үндөп жатышат. Эч бирибиздин экстремизм менен эч кандай байланышыбыз жок. «Экстремисттик» деп сыпатталган кандай иш кылдым? Эмне үчүн алар мени алты жылга кесип жатышат?

Мен кылмышкерлер же экстремисттер кылган бир да иш кылган эмесмин. Кошуналарым, жергиликтүү тартип сакчылары, тергөө камак жайындагы кызматкерлер мен тууралуу жакшы сөздөрдү айтууда. Андыктан мен дагы бир ирет: «„Экстремисттик“ деп сыпатталган кандай иш кылдым? Эмне үчүн алар мени алты жылга кесип жатышат?» — деп сурагым келет.

Мен муну такыр түшүнбөйм, акыркы эки жылдан бери да түшүнбөй келатам. Баштапкы баскычтагы сот суроолорума так жооп бере алган жок. Балким, апелляциялык сот ошенте алаттыр.

Жогоруда айтканымдай, биз орто кылымда эмес, 21-кылымда жашап жатабыз. Адамзат көп жетишкендиктерге жетти. Бирок Орусиянын жарандары Кудайга ишенгени үчүн кайрадан куугунтукталууда, атүгүл запкы жеп жатышат.

2019-жылдын 15-февралында Сургут тергөө комитети 7 Жахабанын Күбөсүн суракка алып, уккусу келген маалыматты айттырыш үчүн аларды кыйнашкан. Орусия Федерациясынын Конституциясынын 51-беренесине ылайык, Орусиянын ар бир жараны өзүнө же жакындарына каршы күбөгө өтүүдөн баш тартууга укуктуу. Бирок Сургуттагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ушул укугу тебеленип-тепселеген.

Тергөөчүлөр аларды колдорун өйдө көтөргөн бойдон тизелеп отурууга мажбурлашкан, башка-көзгө койгулап, улутун, динин мазакташкан. Колу-бутун байлап, дем ала албашы үчүн, башына баштык кийгизип, жип менен муунтушкан. Кыйкырып-өкүрүп, кайсы бир нерселерди айтууга кысым көрсөтүшкөн. Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдары бир нече жолу өлүп кала жаздаган, муунтулгандыктан, эс-учунан танышкан. Анан тергөөчүлөр үстүнө суу жаба куюп, электрошокер менен токко тарттырышкан.

Экспертиза жүргүзүлүп, мунун баары майда-чүйдөсүнө чейин жазылган. Анткен менен Тергөө комитети тарабынан бир да кылмыш иши козголгон эмес. Өкмөттөгү кишилер буга тек гана көз жумуп коюшту. Алар Жахабанын Күбөлөрү өздөрүн өздөрү жаралашты деп айтууда. Бирок бул кантип болсун?! Бул карандай калп!

Мунун баары Орусиянын тарыхына анын кадырын түшүрө турган из калтырууда. Кылмышкерлердин иши териштирилип, жоопко тартыларына үмүттөнөм. Алар кантип ушундай ишке барышты? Гитлер менен Сталиндин мыкаачылыкка жаткан, төбө чачты тик тургузган ыкмаларын колдонууга кантип колу барды? Алардын ошенткиси келбегенине ишенем. Бул тек гана жаңылыштык болгонуна, жакын арада оңдолоруна чын ыкластан үмүттөнөм.

Соттун чечиминде: «Эгер кимдир бирөө сот тарабынан экстремисттик деп табылгандыктан, тыюу салынган диний уюмдун ишин уланта берсе, ал экстремист болуп эсептелет жана жазага тартылууга тийиш»,— деп жазылган. Менин буга эч каршылыгым жок. Бирок мунун мага кандай тиешеси бар?

Эч кандай тиешеси жок! Орёлдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюму менен эч кандай байланышым жок. Мен алардын ишин уланткан да эмесмин.

Кылган иштеримдин баары Орёлдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюмуна эч кандай тиешеси жок диний топтогу кызматым менен байланыштуу. Иштеримдин баары мыйзам чегинде жана Орусия Федерациясынын Конституциясындагы 28-беренеге ылайык болчу.

Мен Орёлдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюмунун «мыйзамсыз» деп эсептелген иштерин улантып жатам деп эч качан эсептеген эмесмин. Досум менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда, ага: «Биз диний топпуз. Биз жергиликтүү уюм да, административдик борбор да эмеспиз»,— деп айтканымды сот залында баарыбыз укканбыз.

Баштапкы баскычтагы сот буга такыр маани берген жок, тескерисинче, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) жашыруун тыңчысы Ёрмоловдун жалган жалаасын колдонду. Аппеляциялык сот Ёрмоловдун, чынында, Олег Геннадиевич Курдюмов экенин текшере алат.

Башында Олег Курдюмов тергөөчүгө берген көрсөтмөсүндө эч нерсе билбей турганын жана Орусиянын Конституциясынын 51-беренесине ылайык, өзүнө каршы күбө катары өтүүдөн баш тартарын билдирген болчу. Бирок эртеси эле Ёрмолов деген башка ат менен сотко такыр башкача көрсөтмө берген. Кийинчерээк ал ушул ысым менен дагы көбүрөөк көрсөтмө берген.

Сотто 2017-жылдын 19 жана 26-февралында көрсөтүлгөн Орёлдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюмуна эч кандай тиешеси жок диний топтун жолугушуулары жөнүндөгү эки видеодо ошол жолугушууларды жашыруун түрдө тартып алган киши, чынында, Олег Курдюмов экени айкын көрүнүп турат. Анын ачык эле камерага тартып жатканын көргөндө күлкүң келбей койбойт. Ал жылганда, камера да жылып турганын, жанына бирөө келгенде: «Кандайсыз, менин атым Олег»,— деп айтканы даана эле угулуп турганын көрдүк.

Мындан анын биздин диний жолугушууларыбызды видеого тартып, ФККнын тыңчысы катары иштегенин көрүүгө болот. Кийин кайра өзүнүн чыныгы атын колдонуп, эчтеке билбей турганын ырастады. Эртеси кайра башка атты колдонуп, калп айтты. Анан кайра-кайра ошол калпты кайталап, жалган күбө катары иш кылып жатат. Ушул адилеттикке жатабы?

Мыйзам боюнча, ФККнын кызматкерлерине башка ат менен сотто көрсөтмө берүүгө тыюу салынат. Бирок айыптоочу тарап да, баштапкы баскычтагы сот да буга көз жумуп, анын жалган көрсөтмө беришине жол берип койду. Эми ошол көрсөтмө мага каршы колдонулуп жатат. Баштапкы баскычтагы соттун буга эмне үчүн жол берип жатканы акылыма сыйбай жатат.

Айыптоочу тараптын буга жол берип койгонуна ого бетер башым маң болууда. Алар Орусиянын бардык мыйзамдарынын аткарылып жаткан-жатпаганына көз салып, алардын биринин да бузулушуна жол бербеши керек болчу. Бирок алар ушунун баарынын болушуна жол берип, жөн гана көз жумуп коюшту.

Апелляциялык соттон мени туура түшүнүшүн өтүнөм. Мен аларды жек көрүп калган жокмун. Алардын жакшы, адамгерчиликтүү кишилер экенине, күндөрдүн биринде чогуу кофе ичип, болуп өткөн окуяларга чогуу күлөбүз деп ишенем. Мен алардын өз ишин тийиштүү аткарбаганына гана нааразымын. Аша чапкандай болбоюн, бирок алардын кылганы иренжитпей койбойт.

Баштапкы баскычтагы сотко ФККнын кызматкери болгон, жашыруун иш-аракет кылган ушундай жүзү кара кишини колдонгону ыңгайлуу болгонун түшүнөм. Анткени ал жалган күбөнүн такыр абийири жок, ал оңой эле калп айтып, чындыкты бурмалап, мени түрмөгө каматыш үчүн колунан келгендин баарын кылып коё алат.

Мындай күбөгө такыр ишенип да, айткандарын чындык деп кабыл алууга да болбойт. Андай жалганчыларды колдонуп, бейкүнөө адамдарды түрөмөгө камоо туура эмес.

Эки жылдай мурун мөөнөтүмдү узартууга байланыштуу өткөрүлгөн көптөгөн сот иштеринин биринде сотко: «Мени эркиндикке чыгаргыла, кадимки адамдардай жашагым келет»,— деп айткам. Мен дагы деле ушинтип суранып жатам.

Мени камактан бошотпой жатышканына байланыштуу айта турган болсом, алар мага айып тагып, коомчулуктан обочо кармоону эле каалашкан жок. Бул сот майданында эмнелер болуп жатканына элдин көңүлүн бурдурбашым үчүн, таптакыр көздөн далдаа кылууну көздөп жатышат.

Ачыгын айтканда, мени узак убакытка түрмөөгө камоо мыйзамсыз болуп эсептелет, адамгерчиликке да жатпайт. Мунун максаты — өзүмдү жакшылап коргоого жана жалпыга маалымдоо каражаттарына болуп жаткандарга көз карашымды айтууга тоскоолдук кылуу. Бирок ошондой мүмкүнчүлүктүн бир учурда сөзсүз келеринен эч шектенбейм!

Мени эркиндикке чыгаргыла, бул кооз шаарда жубайым Ирина менен тынч жашагым келет. Эки жылдай убакыттан бери кантип жашашты өзүм эмес, башка бирөөлөр мен үчүн чечип келатышат.

ФКК мага жалган айып тагып, жакшы атыма көө жаап келатат. Алар жалган документтерди жасап, жалган экспертизаларды түзүп, жең ичинен иш кылган жүзү кара күбөлөрдү колдонуп, сотто мага каршы иш кылып жатышат.

Алар эч кимге зыян келтирбеген Кудайга ишенген кишини башкаларга жана Орусиянын коопсуздугуна коркунуч туудурган экстремист кылып көрсөтүш үчүн колунан келгендин баарын кылып келатышат. Бирок ал айыптар карандай калп болгондуктан, муну уккан кишинин күлкүсү келет.

Баштапкы баскычтагы соттун ошол айыптарды колдоп, чындыкка көз жумуп жатканы абдан кейиштүү. Урматтуу Сот, бул адилетсиздикке бөгөт коюшуңузду жана чындыкты жакташыңызды өтүнөм. Дагы бир ирет: «Мени эркиндикке чыгаргыла, кадимки адамдардай жашагым келет»,— деп айткым келет.

Баштапкы баскычтагы сотто үч ай мурун: «Бул сот иштеринин мындайча чечилишине гана макулмун: мен толугу менен акталышым, боштондукка чыгарылышым, мага келтирилген зыяндын ордун толтурулушу жана каршы тарап менден кечирим сурашы керек. Мындан башка чечимге макул болбойм»,— деп айткан болчумун. Мен дагы деле ушундай ойдомун.

Мындан башка чечимди адилетсиздик деп эсептейм. Эгер мен каалагандан башка чечим чыгарылса, Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа сотуна доо-арыз менен кайрылам. Ал сотто жеңишке жетериме эч шек жок.

Адам укуктары боюнча Европа сотунда жеңишке жеткенимде, дүйнө жүзүндөгү бардык адамдар, Орусиянын көптөгөн жогорку даражалуу инсандары, анын ичинде Орусиянын Президенти Владимир Владимирович Путин Орёлдогу соттун ар бир адамга айкын болгон нерсени, тактап айтканда, мага каршы козголгон иштин кайра-кайра кайталанып келген жалгандыкка негизделгенин көрбөй калганына абдан таң калары шексиз.

Адилеттикти орнотуш үчүн ушунча узак жолду басып өтүүнүн зарылдыгы барбы? Эгер аппеляциялык сот туура көрсө, анда мен сиздерге, бүгүнкү күндө сотко келгендерге, ошондой эле бул сот ишине кызыккандардын баарына: «Мен буга даярмын!» — деп айткым келет.

Мен эч багынбайм! Анткени эч кандай айыбым жок жана чындык мен тарапта. Адилетсиздикке жатса да, түзөтүү эмгек абагына камалуудан түк да коркпойм.

Мен коркунучка, санаага алдырбайм. Жан дүйнөмдө тынчтыкты, бейкуттукту сезип жатам. Жахаба Кудайым мени эч качан калтырбайт. Төмөнкү жүрөк жылытарлык сөздөрдүн аткарылып жатканын өз көзүм менен көрүп жатам:

Кудай адил, берилген,

Менин сүйүүмдү эч унутпайт.

Кудай дайым жанымда,

Мени жалгыз таштап салбайт.

Кудай мага кам көрөт,

сактайт дайыма, ал — Коргоочум.

Кудай — менин Куткаруучум,

Атам, Досум.

Ушу менен сөзүм бүттү. Мени укканыңарга чоң рахмат!

a Деннис бир тууган орус тилиндеги «Синодалдык котормодон» цитата келтирсе да, анын сөздөрүнүн бул котормосунда аяттар «Жаңы дүйнө котормосунан» алынды.