Мазмунун көрсөтүү

Орёл облустук соту

2019-ЖЫЛ, 11-ИЮНЬ
ОРУСИЯ

Деннис Кристенсендин 2019-жылдын 23-майында сотко кайрылгандагы сөздөрү

Деннис Кристенсендин 2019-жылдын 23-майында сотко кайрылгандагы сөздөрү

2019-жылдын 23-майында, бейшемби күнү, Деннис бир тууган сотто акыркы сөзүн сүйлөдү. Төмөндө анын сотко кайрылгандагы (орус тилинен которулган) таасирдүү сөздөрү жазылды:

Мага каршы кылмыш иши козголгондон бери, акыркы эки жыл бою, мага жардам берип, колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдиргим келет.

Биринчиден, башынан баштап мага жардам берип, жөлөп-таяп, колунан келгендин баарын кылып келген жубайым Иринага ыраазычылыгымды билдирем. Ал мага кам көрүп, кийим-кече, тамак-аш, дары-дармек жана тергөө камак жайында мага керек болгон башка нерселерди алып келип берип турду. Жубайым күн сайын кат жазып, маал-маалы менен келип, эмоциялык жактан да, рухий жактан да колдоо көрсөтүп жатты.

Алтыным, сенин ишенимиң, чыдамдуулугуң, сабырдуулугуң, мага жана чындыкка болгон сүйүүң, жакшылыктан үмүт үзбөгөнүң — ушунун баары мен үчүн сонун үлгү болду. Сени абдан сүйөрүмдү, сени менен сыймыктанарымды айткым келет.

Данияда жашаган үй-бүлөмө, өзгөчө, улгайып калган атама жана эжеме да ыраазычылык билдирем. Силерди аябай сагындым. Баарыңарды абдан жакшы көрөм. Мен үчүн кылган жакшылыктарыңардын баарын жогору баалайм. Тергөө камак жайында отурганымда мени колдоп, кат жазып, телефон чалып турдуңар. Силердин багынбай турганыңарга жана бир күнү үй-бүлөбүз менен кайрадан чогуу болорубуздан үмүт үзбөй турганыңарга бекем ишенем.

Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү көптөгөн досторума да ыракмат айткым келет. Силер мени каттарыңар, жылуу сөздөрүңөр, кооз сүрөттөрүңөр жана белектериңер аркылуу колдоп турдуңар. Ушулардын баары мага жалгыз эмес экенимди, эл аралык үй-бүлөнүн мүчөсү экенимди унутпаганга жардам берди.

Кымбаттуу досторум, ар бир кат, кичинекей болобу, чоң болобу, мага дем-шык берип, абдан бекемдегенин билдиргим келет. Каттарыңарга жооп бере албай калсам, капа болбогула. Мен келечекте силерге сөзсүз жолугуп, кучактап, ыраазычылык билдирем. Силерге сөз берем.

Мындан тышкары, Даниянын Москвадагы элчилигине жана ал жактагы бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирем. Силер көптөгөн сот иштерине катышып, тергөө камак жайына да көп жолу келип кеттиңер. Силердин кеп-кеңештериңер, жетекчилигиңер, колдоп-кубаттаганыңар мага бир топ жардам берди. Жардамыңарга, колдоо көрсөткөнүңөргө миң мертебе ыраазымын.

Ошондой эле апелляциялык сотко мени бүгүнкү сотко катышууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн рахмат айтам. Аппеляциялык башка сот иштерине тергөө камак жайынан видеобайланыш аркылуу катышканымда ал жерде айтылгандарды жакшы уга алган эмесмин. Айтылгандардын көбүн божомолдоп түшүнүп жаттым. Бул өзүмдү коргогонго ыңгайсыз болгон. Анын үстүнө, тергөө камак жайынан видеобайланыш аркылуу сотко катышканымда, клеткага камалган жаныбардай болуп, темир тордун ичинде отурчумун. Мен муну азыркы 21-кылымда орунсуз, адамгерчиликсиз деп эсептейм.

Тергөө камак жайында отурганыма дээрлик 2 жылдай болуп калды. Сот ишинин уланып келатканына болсо 15 айдын жүзү болду. Ушунун баарына туруштук бериш үчүн, чөгүп кетпеш үчүн аябай күчтүү болушуң керек. Ыйык Китепте, Филипиликтер 4-бөлүмдүн 13-аятында: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп жазылган a. Ал эми Ышая 12-бөлүм, 2-аятта: «Мына, Кудай — куткаруучум. Мен ага таянам, эч нерседен коркпойм, анткени Жах Жахаба — күчүм, кубатым. Ал мени куткарып алды»,— деп айтылат.

Ушул убакка чейин Кудайым Жахабанын менин жанымда болуп, баарына чыдаганга, багынбаганга, кайгыга чөгүп кетпегенге, кубанычымды жоготпой, дайыма жылмайып жүргөнгө күч берип турганын сездим. Буга чын жүрөктөн ыраазымын. Ага анын Күбөсү катары кызмат кылып жатканыма — Жахабанын Күбөсү экениме — абдан сыймыктанам.

Көптөр менден бул кылмыш иши мага кандай таасир эткенин сурашты. Албетте, ушунча убакыт бою аялымдан, үй-бүлөмдөн, ынак досторумдан ажыратылып, тергөө камак жайында отуруу оңой эмес. Акыркы эки жылдан бери аябай жалгызсырап келдим. Мындайча айтканда, эптеп эле күн көрүп жаттым. Суткасына 23 саат бою туурасы 3 метр, узундугу 6 метр болгон камерада отурдум. Күнүнө бир эле жолу туурасы 3 метр, узундугу 6 метр болгон жерде бир саат сейилдегенге чыгарышчу. Кичине болсо да, ошентип асман астында эс алчумун. Ошол убакыт аралыгында көптөр менен таанышып, кызыктуу маек курдум. Алардын көбүнүн тергөө жана сот ишинин чынчылдык, адилеттик менен жүргүзүлүшүнө абдан муктаж экенин жана ошого умтулуп жатканын байкадым. Өздөрүн бийликтегилердин алар менен иши жоктой сезерин көрдүм. Акыркы эки жылдай убакыттын ичинде мен да өзүмдү ошондой сезип келатам. Аларга колуман келишинче колдоо көрсөткөнгө, кубаттаганга аракет кылдым, себеби Иса Машаяк да ошентмектигин жакшы билем.

Көптөгөн жаңы досторду таптым. Алардын айрымдары сотко катышып жатышты, башкалары кат жазып турушту. Кээ бирлерин жакшы таанысам, айрымдары менен тааныша элекмин. Айрымдары Кудай кошкон бир туугандарым болсо, башкалары ишенимдештерим эмес. Кандай болбосун, алар мени колдоп жатышты, анткени Орусиядагы адилетсиздикке чыдай албай, жакындарын өзүн сүйгөндөй сүйгөн, тынчтыкка умтулган Жахабанын Күбөлөрүнө көө жабылып, кылмышкер, экстремист деп айыпталып жатканына нааразы болуп жатышат. Орусияда ушундай болуп жатканы акылга сыйбайт, күлкүнү да келтирет. Көптөр ушундай нерселердин 21-кылымда Орусияда болуп жатканын көрүп, төбө чачы тик турууда.

Айрымдар менден бул кылмыш иши ишенимиме кандай таасир эткенин сурашты. Ушул кылмыш ишинин аркасында ишенимим ого бетер бекемделип, Ыйык Китептин Жакып китебинин 1-бөлүмүнүн 2—4-аяттарында жазылгандарды жон терим менен сезип көрдүм. Ал жерде: «Бир туугандарым, башыңарга түшкөн ар кандай сыноолорду кубаныч менен кабыл алгыла. Анткени сыналган ишенимиңер туруктуулукту жаратарын билесиңер. Бардык жагынан жеткилең, кемчиликсиз, эч кынтыксыз болушуңар үчүн, туруктуулугуңар толугу менен көрсөтүлсүн»,— деп жазылган.

Албетте, мен жеткилеңсиз пендемин, бирок туруктуу болгонго, сыноолорго карабай кубанычымды сактаганга үйрөндүм. Баарынан маанилүүсү, Жахаба Кудайыма мурдагыдан да жакын болуп калдым. Анын өзү, ой-ниети жөнүндө айтууга, адамзаттын көйгөйлөрүн чечип бере турган Кудайдын Падышалыгы, ошондой эле жер бетинде боло турган, тынчтык өкүм сүрө турган бейиш жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого, адамдарга Жаратканга жакындоого, ага жана анын убадаларына ишеним өрчүтүүгө жардам берүүгө ого бетер чечкиндүү болуп калдым.

Бул сөз расмий түрдө «Өзүн коргош үчүн айтылган акыркы сөз» деп аталат. Бүгүн мени акыркы жолу угуп жатышыңар мүмкүн. Балким, бул сот мага каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу акыркы сот отуруму болуп, жашоомдогу эки жылга созулган мөөнөтүмө чекит коюшу ыктымал. Бирок бул сөзүм ушул ишке жана Орусиядагы тынчтыкка умтулган бейкүнөө адамдар кабылып жаткан адилетсиздикке карата айтылган акыркы сөзүм эмес экенине ынандыргым келет. Бул башталышы гана. Бүт баарына айта турган сөздөрүм дагы көп. Күнөө кылгандай же жашырып жүргөн кылмыш ишим бардай болуп, унчукпай отура бербейм. Абийирим таза, кылмыш кылган эмесмин, Орусиянын эч бир мыйзамын бузган жокмун, ошондуктан эч нерседен уялбайм.

Мага жана Орусиядагы башка Жахабанын Күбөлөрүнө экстремисттер деген жалган айып тагылып, тергөө иштери жүргүзүлүп, камалып, тинтилип, адабияттары, буюм-тайымдары тартылып алынып, суракка алынып, коркутуп-үркүтүлүп, атүгүл азап тартып жатат. Мына ошол үчүн уялышыңар керек. Бул намыстанарлык иш. Чындык, эртеби-кечпи, баары бир ачыкка чыгат. Ыйык Китепте, Галатиялыктар 6:7де: «Алданбагыла: Кудайды шылдыңдай албайсыңар. Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деп жазылган.

Баштапкы баскычтагы сот мени алты жылга эркимен ажыратты, бирок кайсы күнөөм үчүн? Менин эч кандай күнөөм жок. Кылмыш кылганыма бир да далил жок. Тескерисинче, Орусия Федерациясынын Конститутциясындагы 28-берене боюнча ээ болгон укуктарыма ылайык иш кылганыма көп далилдер бар. Мен Орусия өкмөтүнүн мыйзамдарына баш ием жана чынчыл жаранмын. Исанын жолдоочусумун, Кудайга ишенген адаммын, Жахабанын Күбөсүмүн жана Орусиянын элин жакшы көрөм. Эмне үчүн мени жазага тартып жатышат? Эмне үчүн алты жылга эркимен ажыратып жатышат? Буга эч кандай негиз жок. Бул — адилетсиздик.

Мен апелляциялык соттун мыйзамга ылайык иш кылып, адилеттикти орноторуна үмүттөнөм. Ошондой эле Орусиядагы адамдардын ишеними үчүн куугунтукталышына бөгөт коёт деп ишенем. Бүт дүйнөгө Орусияда ар бир адамдын дин тутуу эркиндиги сыйланарын далилдейт деп үмүттөнөм.

Жакында бул сөздөр аткарылат: «Ал көптөгөн элдердин арасында сот жүргүз[өт]... Алар кылычтарынан соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасашат. Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт, согушууга үйрөнбөйт. Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжир дарагынын астында отурат. Аларды эч ким коркутпайт». Микей 4-бөлүм, 3, 4-аяттар.

Кудай дайыма адилет сот жүргүзөт. Анын башкаруусунун алдында талаш-тартыштар, зордук-зомбулук, согуштар болбойт. Тескерисинче, тынчтык өкүм сүрүп, санаа тарттырган нерселер жок кылынат. Башкача айтканда, бардык адамдар бакытка бөлөнүп жашашат.

Кымбаттуу Сот, бүгүн чыгарган чечимиңиз менен сиз ушул багытка, тактап айтканда, адилеттикке, тынчтыкка, коркунуч, кайгы, адилетсиздик болбогон дүйнөгө чоң кадам таштайсыз. Сиздин ошондой кадам шилтей турганыңызга ишенем. Алдын ала ырахмат!

a Деннис бир тууган орус тилиндеги «Синодалдык котормодон» цитата келтирсе да, анын сөздөрүнүн бул котормосунда аяттар «Жаңы дүйнө котормосунан» алынды.