Мазмунун көрсөтүү

10-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Деннис Кристенсенди мөөнөтүнөн эрте бошотуудан баш тартышууда

Деннис Кристенсенди мөөнөтүнөн эрте бошотуудан баш тартышууда

2021-жылдын 10-февралында Курск облустук соту Деннис Кристенсендин мөөнөтүнөн эрте бошотулушуна байланыштуу өтүнүчтү орундатуудан баш тартты. Ал ишенимдешибиз соттон анын калган мөөнөтүн айып пулга алмаштырышын суранган болчу. Деннис бир тууганыбыз мөөнөтүнөн эрте бошотулуу үчүн өзүн үлгүлүү алып жүрсө да, анын өтүнүчүн ушул күнгө чейин четке кагып келишет.

Жакында эле Деннис жубайы Иринага кат жөнөтүп, өзү жакшы көргөн бул аятты жазган: «Жакшылык кылып жатып багынбайлы, анткени алсырап эле калбасак, убагы келгенде оруп алабыз» (Галатиялыктар 6:9). Ошондой эле жакшылык кылып, башкаларга жардам берип, багынбаса, Жахабанын аларга сөзсүз сыйлык береринен эч шектенбей турганын айткан. Андан тышкары, түрмөдөн чыкканда ишениминин түрмөгө жаңы камалган убактагыдан да бекем болушун каалаарын билдирген.

Деннис бир тууганыбыздын түрмөгө камалып, Иринадан ажыратылганына 2017-жылдын май айынан бери дээрлик төрт жыл болуп калды. Ошого карабай алар Жахабага таянуу, жан дүйнө бейкуттугун сактоо, берилгендиктен жазбоого чечкиндүү болуу жагынан бизге сонун үлгү көрсөтүп келишет (Филипиликтер 1:14).