Мазмунун көрсөтүү

Орёл облустук сотунун үч кишиден турган сот коллегиясы Деннис Кристенсендин алты жылга камалышы жөнүндөгү чечимдин күчүндө калышын жарыялап жатат

2019-ЖЫЛ, 11-ИЮНЬ
ОРУСИЯ

Деннис Кристенсен Адам укуктары боюнча Европа сотуна доо-арыз менен кайрылат

Деннис Кристенсен Адам укуктары боюнча Европа сотуна доо-арыз менен кайрылат

Буга чейин айтылгандай, 2019-жылдын 23-майында Орёл облустук сотунда Деннис Кристенсендин иши каралган. Сот аны алты жылга эркинен ажыратуу жөнүндөгү чечимди күчүндө калтырган. Ал ушуга чейин тергөө камак жайында эки жыл отурган. Бул Орусиянын мыйзамы боюнча түрмөдөгү үч жылдык мөөнөткө барабар. Андыктан Деннис Кристенсен түрмөдө дагы үч жыл жаза мөөнөтүн өтөйт. Ал 2019-жылдын 6-июнунда кечке маал түзөтүү эмгек абагына которулуп, жаза мөөнөтүн өтөй баштаган. Кристенсен бир тууган ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча Адам укуктары боюнча Европа сотуна (АУЕС) кайрылат. Анын камалышына каршы жазылган доо-арыздын АУЕСте каралышы күтүлүүдө.

Деннис Кристенсен бир туугандын адилетсиздикке кабылганына карабай, сабырдуулук сактап, туруктуулук көрсөтүп жатканы баарыбызды суктандырбай койгон жок. Жахабанын аны да, Орусиядагы кылмыш иши козголгон дагы башка 200дөн ашуун бир тууганды да колдоп-коргоорунан кымындай да шектенбейбиз (Забур 27:1).

Деннис Кристенсендин 2019-жылдын 16-майында Орёл облустук сотуна кайрылгандагы сөздөрүн окуп көргүлө

Деннис Кристенсендин 2019-жылдын 23-майында Орёл облустук сотуна кайрылгандагы сөздөрүн окуп көргүлө