Мазмунун көрсөтүү

11-ИЮЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Деннис Кристенсен жаза жайынан кесилгендер камалган жалпы жайга которулду

Деннис Кристенсен жаза жайынан кесилгендер камалган жалпы жайга которулду

2020-жылдын 11-июлунда Льгов түрмөсүнүн башчылары Деннис Кристенсенди соттолгондор камалган жалпы жайга которушту. Буга чейин билдирилгендей, тартипти бузду деген жалган жалаа менен Деннисти жаза жайына камап салышкан. 15 күндөн кийин аны кайра эркинен ажыратылгандардын жалпы жайына которушту. Азыр ал ошол жакта, көңүлүн чөгөргөн жок. Жактоочулары жүйөлүү болбогону айдан ачык ал айыптар бир тууганыбыздын мөөнөтүнөн эрте бошотулушуна тоскоол кылбайт деген үмүттө жана аларга карата даттануу тапшырганы жатышат.