Мазмунун көрсөтүү

24-ИЮЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Деннис Кристенсен экинчи жолу жаза жайына камалды

Деннис Кристенсен экинчи жолу жаза жайына камалды

2020-жылдын 15-июлунда Деннис Кристенсенди 27-июлга чейин деп экинчи жолу абактагы жаза жайына камап салышты. Ал жактан башка соттолгондор жаткан жалпы жайга которулганына 4 эле күн болгон. Эгер жаза жайына үчүнчү жолу жөнөтүлсө, түрмө жетекчилиги «тартипти кыянаттык менен бузду» деген айып менен аны 6 айлык мөөнөткө чейин камералык типтеги жайга камашы мүмкүн. Жактоочулар Денниске коюлган акыркы айыптарга карата даттанууну даярдап жатышат.

Деннис абактагы тигүүчү цехте иштегени жиберилген болчу. Ден соолугу начарлап кеткендиктен ал андай ишке жарабайт. Түрмө жетекчилери болсо иштегенден баш тартып жатат деген айып тагып, аны жаза жайына камап салышты. Түрмөнүн ичиндеги доктурлар да эс алып, көнүүгүлөрдү жасаса, андай ишти аткара алат деп жатышат. Сырттагы көз карандысыз доктур болсо Деннисти текшерип көрүп, ден соолугу андай ишти аткарганга жол бербейт деген жыйынтык чыгарган.

Жаза жайына камалгандарга тамак киргизгенге, телефон чалганга, жакындары менен жолукканга, керектүү бир нерселерди алганга болбойт. Мыйзамда ал жактагыларга диний кызматкерлер менен жолукканга жол берилет. Бирок Орусияда Жахабанын Күбөлөрү каттоодон өткөн диний уюм катары эсептелбей калгандыктан, Денниске жыйналыштагы аксакалдар менен жолукканга уруксат бербей жатышат.

Мурунураак билдирилгендей, 23-июнда Льгов райондук соту Деннис Кристенсендин мөөнөтүнөн эрте бошотуу туурасындагы өтүнүчүн канааттандырып, калган мөөнөтүнүн ордуна айып пул төлөсүн деген чечим чыгарган. Бир нече күндөн кийин ага макул болбогон айыптоочу даттануу менен кайрылган. Учурда түрмө жетекчилери менен айыптоочу биргелешип алып, Деннисти мөөнөтүнөн эрте бошотулушуна тоскоолдук кылыш үчүн атын булгаганга аракет кылып жатышат көрүнөт.

Деннис менен жубайы Ирина көңүлүн чөгөргөн жок. Жахаба Кудайыбыздын өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына аябай оор сыноолордо да чыдамкайлык көрсөтүп, кубанычты жоготпогонго жардам берип жатканын көрүп баарыбыздын ишенимибиз бекемделип келет (Колосалыктар 1:11).