Мазмунун көрсөтүү

Дмитрий Маслов жубайы Юлия менен

18-МАРТ, 2021
ОРУСИЯ

Дмитрий Маслов Кудай жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн соттолууда

Дмитрий Маслов Кудай жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн соттолууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: Орусиянын соту Дмитрий Масловду күнөөлүү деп тапты жана ага айып пул салынды

2021-жылы 2-июнда Красноярск крайынын Минусинск шаардык соту Дмитрий Масловду күнөөлүү деп тапты. Ага 450 000 рубль (6 125 АКШ доллары) айып пул салынды

Өкүм жарыяланчу күн

Красноярск крайынын Минусинск шаардык соту жакында Дмитрий Масловго каршы козголгон кылмыш ишке байланыштуу өкүм чыгарат a.

Жеке маалымат

Дмитрий Маслов

  • Туулган жылы: 1976 (Минусинск)

  • Кыскача таржымалы: Бир карындашы, бир иниси бар. Апасы аларды жалгыз чоңойткон. Бал челекчинин окуусун аяктаган. Велосипед тепкенди, суунун астында сүзгөндү, аккордеон ойногонду жакшы көрөт

    Жаш кезинде эле жашоодогу маанилүү суроолор тууралуу ойлончу. Кийин Ыйык Китептен канааттандырарлык жоопторду тапкан. 1994-жылы чөмүлгөн. Абийири жол бербегендиктен, аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткан. Бирок альтернативалык жарандык кызмат өтөгөн. 1997-жылы Юлия менен баш кошкон

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 19-апрелинде аскер жоокерлери, Тергөө комитетинин мүчөлөрү, Федералдык коопсуздук кызматкерлери (ФКК) Минусинск шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн 5 үйүн тинтишкен. Ошол учурда 76 жаштагы ишенимдешибизди катуу түртүп салышканда, ал жыгылып, жараат алган. 30дан ашуун бир тууганыбызды суракка алып кетип, анан коё беришкен. Андан соң Дмитрийге кылмыш ишин козгошкон. Анын негизги «кылмышы» достору менен тоого эс алганы чыгып, ошол жакта Кудай жөнүндө сүйлөшкөнү болгон.

Учурда Дмитрий жашаган жеринен башка эч жакка чыга албайт. Ал соттун чечимин күтүүдө. Анын Жахабанын Күбөсү болбогон апасы уулунун куугунтукталып жатканын негизсиз жана ал кылмышкер катары соттолгудай эч нерсе кылган эмес деп эсептейт. Ал Дмитрийдин «эң коопсуз, тынчтыкка үндөгөн динди тутарын» билет.

«Жахаба өзүнүн күчүн» ага берилген адамдарга жардам бериш үчүн колдонорун билгени Дмитрийге деп-күч берип, аны сооротот (2 Жылнаама 16:9).

a Сот өкүмү качан чыгарын алдын ала билүү дайыма эле мүмкүн эмес.