Мазмунун көрсөтүү

Дмитрий бир тууганыбыз жубайы Жанаргүл, кыздары Арина (солдо) жана Олеся (оңдо) менен

18-МАЙ, 2021
ОРУСИЯ

Дмитрий бир тууганыбыз куугунтук маалында Жахабанын аны колдоп жатканын сезген

Дмитрий бир тууганыбыз куугунтук маалында Жахабанын аны колдоп жатканын сезген

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту доо арызды четке какты

2021-жылдын 28-октябрында Челябинск райондук соту Дмитрий Виноградовдун доо арызын четке какты. Соттун мурунку чечими күчүндө калды. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

2021-жылдын 7-июнунда Челябинск шаарынын Центральный райондук соту Дмитрий Виноградовду күнөөлүү деп тапты. Ал эки жылга шарттуу соттолду.

Жеке маалымат

Дмитрий Виноградов

  • Туулган жылы: 1963 (Челябинск)

  • Кыскача таржымалы: Ата-энеси ажырашып кеткенден кийин, апасынын колунда чоңойгон. Шахматка кызыгып жүрүп, кийин аны мыкты өздөштүргөндүктөн шахмат боюнча устат болуп калган. Шахмат ойногонду үйрөткөн мектепте сабак берет. 1990-жылы Жанаргүл деген кызга үйлөнгөн. Экөө төрт балалуу болушкан. Учурда эки кичүү кызы алар менен чогуу жашайт.

    Аң-сезими бар адамдардын планетабызды булгаганын, башкаларга зыян келтиргенин көрүп көп ойлончу. Суроолоруна жоопту Ыйык Китептен тапкан. 2014-жылы чөмүлгөн.

Иштин чоо-жайы

2018-жылдын аяк ченинде өкмөт тарабынан жиберилген тыңчылар Ыйык Китепке кызыгымыш болуп, ал тууралуу Дмитрий менен сүйлөшө башташкан. 2020-жылдын январында өкмөткө Дмитрийге каршы кылмыш ишин козгогонго «жетиштүү далилдер» чогулуп калган. Ошондон 2 ай өткөндөн кийин полиция кызматкерлери Дмитрий жокто анын үйүнө кирип, бүт баарын тинтип кетишкен.

Дмитрийдин көзү жакшы көрбөйт, кан басымы да көтөрүлүп турат. Ал: «Кудай менен болгон мамилем ден соолугуман көз каранды эмес. Сот алдында кабар айта алганымды чоң сыймык деп эсептейм жана ошого абдан кубанам»,— деген.

Дмитрий үй-бүлөсү менен Ыйык Китепти окуганды, окугандары жөнүндө ой жүгүрткөндү, жыйналыштарга даярданганды, жооп бергенди, ошондой эле жолугушууларды калтырбаганды адат кылып алган. Бул нерселер аларга көп жылдар бою Жахабага, бири-бирине ынак болгонго, андан тышкары, куугунтукка даяр болгонго жардам берип келген. «Ишенимдештерибиздин тиленип турганы да бизге күч берип келет. Жахаба ал адил адамдардын тиленүүсүнө жооп берип жатат. Анын аркасында үй-бүлөбүз менен Жахабанын батасына көмүлүп жатабыз»,— дейт Дмитрий.

Куугунтукта кайраттуулук көрсөтүп, аны кубаныч менен көтөрүп жаткан ишеними күчтүү бир туугандарыбыздан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Алар жөнүндө ойлонгондо 2 Тесалоникалыктар 1:4төгү: «Башыңарга түшкөн кыйынчылыктарга, куугунтуктарга карабай туруктуу болуп, ишенимиңерди сактап келатканыңар үчүн, биз Кудайдын жыйналыштарында силер менен сыймыктанабыз»,— деген сөздөр эсибизге келет. Биз бул сөздөргө толук кошулабыз.