Мазмунун көрсөтүү

12-ФЕВРАЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Евгений Аксеновго Ыйык Китептеги кеңештер менен бөлүшкөнү үчүн кылмыш иши козголууда

Евгений Аксеновго Ыйык Китептеги кеңештер менен бөлүшкөнү үчүн кылмыш иши козголууда

2020-жылдын 14-февралында Хабаровсктогу Железнодорожный райондук сотунда Евгений Аксеновго козголгон ишке байланыштуу чечим жарыяланат. Айыптоочу аны үч жарым жылга камоону талап кылууда.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 21-апрелинде Евгений бир тууганыбыз бир мейманкананын кеңешме бөлмөсүндө достору менен Ыйык Китепти талкуулаш үчүн чогулган. Ал Ыйык Китептеги үй-бүлө түйүнүн бекемдей турган кеңештер тууралуу сөз сүйлөгөн. Ошон үчүн эле ал «коомго коркунуч туудурган кылмышкер» жана «экстремисттик уюмдун иштерин уюштуруп жатат» деп айыпталууда. Сот иши 2019-жылдын 21-октябрында башталган.

Биз Евгений Аксеновго байланыштуу иш соңуна чыкканга чейин ал жана үй-бүлөсү Жахабага таяна беришин жана анын ишенимдүү кызматчыларын «эч нерседен кем» кылбай турганына толук ишенишин сурап тиленип турабыз (Забур 34:9)