Мазмунун көрсөтүү

18-ФЕВРАЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Евгений Аксенов айыптуу деп табылып, эки жылга шарттуу соттолду

Евгений Аксенов айыптуу деп табылып, эки жылга шарттуу соттолду

2020-жылдын 18-февралында Орусиянын Хабаровск шаарындагы Железнодорожный райондук соту Евгений Аксеновду айыптуу деп таап, эки жылга шарттуу соттоду. Ошол жылдар аралыгында Евгений бир тууганыбыз жашаган жерин өзгөртсө же башка кылмыш ишине күнөөлүү деп табылса, түрмөгө камалат. Алгачкы алты айдын ичинде ал сыноо мөөнөтүндө болот, ошол себептен ай сайын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн текшерүүсүнөн өтүп турат. Андан тышкары, сыноо мөөнөтү уланып жаткан учурда ага Хабаровск шаарындагы үйүнөн башка жакка кетүүгө, кечинде бир жакка чыгууга болбойт. Евгений бир тууганыбыз бул чечимге каршы доо-арыз менен тийиштүү сотко кайрылат.