Мазмунун көрсөтүү

Евгений Голик сот имаратынын сыртында, 2020-жыл, декабрь

21-ЯНВАРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Евгений Голик шарттуу соттолду

Евгений Голик шарттуу соттолду

Өкүм

2021-жылдын 20-январында Еврей автономдук облусундагы Биробижан райондук соту Евгений Голикти айыптуу деп тапты. Ал 2 жарым жылга шарттуу соттолду. Бирок азырынча түрмөгө камалбайт. Ал бул чечимге каршы тийиштүү сотко доо арыз менен кайрылат.

Жеке маалымат

Евгений Голик

  • Туулган жылы: 1975 (Биробижан, Еврей автономдук облусу)

  • Кыскача таржымалы: Кесиби боюнча ширетүүчү. Бойлер бөлмөсүндө башкаруучу болуп иштейт. Жахабанын Күбөсү болгонго чейин Орусиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн

    Кудай жөнүндөгү чындыкты апасынан уккан. Ыйык Китепти окуп-изилдегенинин аркасында жашоонун маңызына байланыштуу суроолоруна жооп алган. Ошондой эле Ыйык Китепте жазылгандар ага башкалардын камын ойлогон адам болгонго жардам берген

Иштин чоо-жайы

2018-жылы, 17-майда Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) 150 кызматкери таң атпай Биробижандагы (Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы шаар) Жахабанын Күбөлөрүнүн 22 үйүн тинткен. Ал тинтүү операциясы «Сот күнү» деп аталган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Евгений Голикке жана Еврей автономдук облусунда жашаган дагы башка 21 ишенимдешибизге каршы кылмыш ишин козгогон. Евгений бир тууганыбыздын сот иши 2020-жылдын 29-январында башталган.

Айыптоочу ал ишенимдешибизди күнөөлөш үчүн анын Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окуп жатканы тартылган видеолорду далил катары келтирген.

Жеткен адилетсиздиктин курмандыгына айлануу аябай эле оор экени түшүнүктүү. Ошондой болсо да, Евгений бир тууганыбыз мындай деген: «Ыйык Китепти күндө окуп, дайыма тиленгеним өзүмө эмес, Жахабага көңүл топтогонго жардам берет. Кудайдын Сөзүндөгү баалуу ойлор мага кубаныч тартуулап, башкалар менен да ошол ойлорду бөлүшкөнгө түрткү берет».

Ага Забур 23:4төгү сөздөр да бир топ дем-күч берет. «[Бул аят] мага кайраттуу болгонго, кыйынчылыкты кубаныч менен көтөргөнгө көмөк кылат,— дейт ал.— Өмүрүбүз коркунуч алдында турса да, биз Жахабанын дайыма жаныбызда экенин билебиз».

Евгенийге ишенимдештери да колдоо көрсөтүүдө. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Сот иши башталганда, бир туугандар келишти. Аларды көргөндө ушунчалык кайраттанып калдым. Андан тышкары, Жахаба мага ушундай оор учурда жөлөк болгон сонун жар таап берген. Ошол себептен кубанычымды жоготкон жокмун. Менде рухий тамак да, кадимки тамак да мол. Жардамсыз да калган жокмун».

Евгений бир тууганыбыз Жахаба менен болгон мамилесин бекем сактаганга чечкиндүү. Азырынча куугунтукту баштан кечире электерге ал мындай кеңеш берет: «[Падышалык] ырларын жаттагыла, душмандарыңарды чын жүрөктөн сүйгөндү жана кандай жагдай болбосун, кубанычыңарды сактаганды үйрөнгүлө».

Орусиядагы ишенимдештерибизден баарыбыз үлгү ала берели. Оор учурда Жахаба аларга күч берип, колдоп жаткандай эле, бизге да күч берип, колдойт (Забур 29:11).