7-ИЮЛЬ, 2022
ОРУСИЯ
Евгений Зинич рухий мурасын баалап, Жахабага берилгендигин сактоодо
2022-жылдын 27-июнунда Красноярсктын Октябрь райондук соту Евгений Зиничти 6 жылга соттоду. Аны соттун чечиминен кийин дароо камакка алып кетишти.
Жагдайдын өрчүшү
2020-жыл, 11-декабрь
Евгенийдин үйүн тинтүүгө алышкан
2021-жыл, 21-январь
Кылмыш иши козголгон
2021-жыл, 19-октябрь
Экстремисттик иштерди уюштурду деген айып коюлган
2021-жыл, 20-октябрь
Эки жакка чыгууга тыюу салынган
2021-жыл, 14-декабрь
Сот отуруму башталган
Жеке маалымат
Башына мүшкүл түшкөнүнө карабай, Евгений бир тууганбыз рухий мурасын жогору баалап, кайраттуулук, туруктуулук көрсөтүп жатат. Жахабанын аны жакшы көрөрүнөн кымындай да шектенбейбиз! (Забур 86:17).