Мазмунун көрсөтүү

Евгений Якку жана жубайы Ирина

17-МАЙ, 2021
ОРУСИЯ

Евгений Якку сот отурумдарында Жахабадан акылмандык сурап, ага таянууда

Евгений Якку сот отурумдарында Жахабадан акылмандык сурап, ага таянууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту Евгений Яккуну айыптуу деп тапты

2021-жылдын 1-октябрында Архангельск шаарындагы Соломбальск райондук сотуЕвгений Яккунун доо арызын четке какты. Ага чейинки баскычтагы соттун чечими күчүндө калды.

2021-жылдын 19-июлунда Архангельск шаарындагы Соломбальск райондук соту Евгений Яккуну айыпттуу деп тапты жана аны 880 000 рубль (12 082 АКШ доллары) төлөөгө милдеттендирди. Ал түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Евгений Якку

  • Туулган жылы: 1980 (Сосновец айылы, Карелия Республикасы)

  • Кыскача таржымалы: Евгенийге өспүрүм кезинде Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылышы күчтүү таасир эткен. Ал 2006-жылы чөмүлгөн. Архангельскке ишкердик ишти алпаруу боюнча билим алыш үчүн көчүп кеткен. Ирина менен 2007-жылы баш кошкон. Алар саякаттаганды, табиятта эс алганды жакшы көрүшөт.

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 18-февраль күнү эртең менен бийликтегилер Евгений Яккунун үйүн текшерип, аны «экстремисттик» иштерге катыштыгы бар деп кармап кетишкен. Анан жергиликтүү полиция кызматкерлери аны 2 күнгө камерага отургузуп коюшкан. Евгенийдин достору, үй-бүлөсү анын каякта экенин билишкен эмес.

Ал жактан чыккандан кийин бийликтегилер ага кечкисин үйүнөн чыкканга, үйүнө кимдир бирөөлөрдү чакырганга, башкалар менен телефон, кат же интернет аркылуу байланышканга тыюу салган. Жети айдан кийин айрым чектөөлөр алынып, Евгенийге кечкисин тышка чыкканга уруксат берилген.

Ал эми 2019-жылдын 25-ноябрында ага «экстремисттик» иштерди уюштуруп жатат деген айып тагылган. Кийинчерээк дагы бир нече айып коюлган. Эгер ал айыптуу деп табылса, 15 жылга кесилиши мүмкүн. Евгенийге коюлган айыптардан улам ал жумушунан айрылып калган. Ошондой эле бийликтегилер банк эсебин тоңдуруп салышкан жана эки машинесин тең тартып алышкан.

Ушундай оор учурда Евгений менен Ирина Жахабага мурункудан да көбүрөөк таянып калышкан. Ирина мындай деген: «Жахабанын тилегиме жооп берип жатканын, Женя экөөбүзгө кам көрүп жатканын көрүп, жүрөгүм ыраазычылыкка толот. Канчалык ыраазы болуп жатканымды сөз менен айтып жеткире албайм».

Мисалы, Ирина Жахабадан сурак учурунда күйөөсүнүн жүрөгүнө тынчтык берип, ишенген нерселерин жакшы түшүндүрүп бере алыш үчүн жардам беришин суранган. Евгений да так ушу жөнүндө тиленген. Ал: «Тергөө комитетинин алдына же сот отурумдарына барар алдында дайыма Жахабадан акылмандык сурачумун»,— дейт. Евгений Жахабанын анын тиленүүсүнө жооп берип жатканын сезген. Андан ары ал: «Мен Жахабадан айтышым керек болгон нерсени гана айтып, айтпашым керек болгон нерсени айтып албайын деп тиленчүмүн. Жахаба мени таштабай турганына ынандырды. Тилегиме мен байкай алгандай жолдор менен жооп берип жатты. Анын колун мурункудан да айкын көрүп жатам».

Биз соттун чечимин күтүп жатып, Жахабанын Евгенийге өзүн коргоодо «жумшактык, терең урмат-сый менен жооп бериши» үчүн кайраттуулук берерин билебиз (1 Петир 3:15).