Мазмунун көрсөтүү

Екатерина Пегашева

8-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Екатерина Пегашева адилетсиз айып тагылып жатканына карабай кынтыксыздыгын сактоодо

Екатерина Пегашева адилетсиз айып тагылып жатканына карабай кынтыксыздыгын сактоодо

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусия соту Екатерина Пегашеванын доо арызын канаатандырган жок

2021-жылдын 4-августунда Марий Эл республикасынын Жогорку соту Екатерина Пегашеванын доо арызын четке какты жана мурунку соттун чечимин күчүнө калтырды. Ага ылайык, ал алты жарым жылга шарттуу соттолгон. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

2021-жылдын 31-майында Марий Эл республикасынын Горномарийск райондук соту Екатерина Пегашеваны айыптуу деп тапты. Ал алты жарым жылга шарттуу соттолду. Азырынча түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Екатерина Пегашева

  • Туулган жылы: 1989 (Гаинцы, Киров обулусу)

  • Кыскача таржымалы: Ата-энесинин жалгыз кызы. Китеп окуганды, ыр жазганды, ырдаганды жакшы көрөт. Үй жыйнап иштейт. Башкаларга кабар айтыш үчүн мари тилин үйрөнгөн

Иштин чоо-жайы

Екатерина Пегашева 2019-жылдын 3-октябрында Йошкар-Олада, Марий Эл республикасынын борбор шаарында, камакка алынган. Полиция кызматкерлери анын үйүн тинтип, китептерин, электрондук каражаттарын, каттарын жана документтерин алып кеткен. Ишенимдештери менен Ыйык Китеп тууралуу талкуу жүргүзгөндүктөн Екатеринаны тыюу салынган уюмдун иштерине катышты деп айыпташкан.

«Күтүүсүздөн эле көчөдөн полиция кызматкерлери келип, мени бир бактын түбүнө тургузушту да, колумду артка кайрышты. Некемиядай болуп, Жахабадан жардам сурап, ичимен кыскача тиленгенге жетиштим»,— дейт Екатерина. Кармап кетишкенден кийин, ал 100 күндөн ашуун тергөө камак жайында отурган. Учурда үй камагында отурат.

Тергөө камак жайында отурганда аны бир нече жолу суракка алышкан. Ошондо ага Ыйык Китептен алган билими жардам берген. Бул тууралуу Екатерина мындай деген: «Падышалыктын жарчыларынын мектебинен уккан баяндамаларды, чыккан тапшырмаларымды эстедим. Мектептен: „Сурак жүргүзгөн душмандарга жооп берип жатканыңда Мырзабыз Исанын алдында да турган болосуң“, — деп айтылган. Ушул ой мага өзгөчө күч берди. Өзүмдү кармай билгенге, адилетсиз айып тагышса да, бийлик өкүлдөрүнө урмат-сый менен кайрылганга жардам берди».

Тергөө камак жайында, андан соң 1 жылдан ашык убакыт бою үй камагында отурганы Екатерина үчүн оңой эмес. Мунун айынан ден соолугу начарлады, жанын багыш үчүн иштей да албайт. Баарынан да ага апасынын, таенесинин жанында боло албай жатканы кыйын болууда. Бирок ошого карабай, Екатерина Кудайга болгон берилгендигинен жазбоого чечкиндүү. «Мага кысым көрсөтүшкөн сайын, рухий курал-жарагым ого бетер күчтүү болууда. Мен азыр эч нерседен коркпойм. Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен ого бетер кайраттуу болуп калдым»,— дейт ал.

Екатерина өзүнө чыгарыла турган чечимди күтүп жатат. Ал кызматчыларынын баарына күч-кубат берген Жахабага андан ары да таянууда (Чыгуу 15:2).