Мазмунун көрсөтүү

Елена Бармакина жолдошу Дмитрий менен

28-СЕНТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Елена Бармакина тиленгени, Ыйык Китепти окуганы үчүн соттолуп жатат

Елена Бармакина тиленгени, Ыйык Китепти окуганы үчүн соттолуп жатат

Өкүм жарыяланчу күн

2020-жылдын 29-сентябрында a Владивосток шаарынын Первореченский райондук соту Елена Бармакинанын иши боюнча өкүмүн жарыялайт деп күтүлөт. Ал үч жылга шарттуу түрдө кесилиши мүмкүн. Жолдошу Дмитрий Бармакиндин иши сотто өзүнчө каралып жатат.

Жеке маалымат

Елена Бармакина

  • Туулган жылы: 1967 (Черепаново шаары, Новосибирск облусу)

  • Кыскача таржымалы: Карып калган ата-энеси менен чоң энесин карайт. Cүрөткө тартканга кызыгып жүрүп, бул жагынан адис болуп калды. Сууда сүзгөндү, саякаттаганды жакшы көрөт.

  • Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда пайгамбарлыктардын аткарылганы Кудайдын күчтүү экенинен кабар берерине ынанган. Жахаба Кудайдын тилегине жооп берерин байкаган сайын ишеними чыңдала баштаган. 2003-жылы Дмитрийге турмушка чыккан.

Иштин чоо-жайы

2018-жылдын 28-июлунда, эртең менен саат 7де беткап кийген куралчан полиция кызматкерлери Еленанын 90догу чоң энесинин үйүнө кирип барышкан. Чоң энесин баккан Елена жолдошу Дмитрий менен ошол жакта болчу. Дмитрийди ошол жерден эле алып кетип, убактылуу камоо жайына камап салышкан. Еленаны болсо: «Кийинкиси сен болосуң!» — деп коркутуп-үркүтүп кетишкен.

Бир жылдан кийин бийлик өкүлдөрү Еленанын банк эсептерин камакка алган. 2019-жылдын 6-августунда тиленгени, Ыйык Китепти окуганы жана диний баяндамаларды укканы үчүн ага каршы кылмыш иши козголгон. Бармакинанын жактоочусу Кудайга сыйынганда аткарылчу кадимки эле каадалар кылмышка тете коюлганын айтып, соттон ишти өндүрүштөн кыскартууну өтүнгөн. Тилекке каршы, сот Еленанын иш-аракеттери айыптоочунун Орусия Федерациясынын мыйзамына каршы келген «экстремисттик иш-аракеттерге» кирип калат деген ырастоосун колдогон.

Кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жаткан мезгил аралыгында Еленанын эмоциялык абалы, ден соолугу кыйла эле жабыркады. Сүйүктүү жолдошу 447 күн камакта болду. Суракка же сотко чакырганда дайым даяр болуш керек болгондуктан жумушта да толук кандуу иштей албай кыйналып келет.

Орусиядагы бийлик өкүлдөрү бир туугандарыбызды «катуу түртүп» кынтыксыздыгынан жаздырууну көздөп жатышат. Буга таң калган деле жокпуз, анткени Ыйык Китепте бул тууралуу алдына ала айтылган. Ошону менен бирге Жахаба Кудайдын ушундай жагдайга кабылган эли үчүн «баш калка, кубат» болорунан такыр күмөн санабайбыз (Забур 118:13, 14).

a Өзгөрүшү мүмкүн