Мазмунун көрсөтүү

Елена Рейно-Чернышова

28-ЯНВАРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Елена Рейно-Чернышова Кудайга ишенгени үчүн соттолууда

Елена Рейно-Чернышова Кудайга ишенгени үчүн соттолууда

Өкүм жарыяланчу күн

2021-жылы, 29-январда a Еврей автономдук облусундагы Биробижан райондук соту Елена Рейно-Чернышовага өкүм чыгарышы мүмкүн. Айыптоочунун кандай жаза талап кылары азырынча белгисиз.

Жеке маалымат

Елена Рейно-Чернышова

  • Туулган жылы: 1968 (Малой, Иркутск облусу)

  • Кыскача таржымалы: 1990-жылы Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеген. Бул ага аскердик кызматын таштап, үй-бүлө түйүнүн бекемдегенге түрткү берген. Ал 1998-жылы чөмүлгөн

  • Жолдошу ал ишенген нерселерге карманбаса да, жубайынын Жахабага кызмат кылам деген чечимин сыйлайт. Елена футбол, воллейбол ойногонду жакшы көрөт

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 29-сентябрында Биробижандагы бийлик өкүлдөрү ага каршы кылмыш ишин ачышкан.

Жүрөктүн үшүн алган Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) Елена бир тууганыбыздын үйүн тинткен. Ал ишенимдешибизге ошол учурда Жахаба жан дүйнө бейкуттугун берип турган. Ошол убакты эскерип: «Жахабадан бул кыйынчылыкты татыктуу түрдө көтөрүп, андан баш тартып кетпешим үчүн жүрөгүмдү тынчтандырышын, кайрат беришин тынбай тиленип жаттым. Тинтүү иши тынч өтүп жатты, алар да мага сылык-сыпаа мамиле кылышты»,— дейт.

Сот иши Еленага да, үй-бүлөсүнө да терс таасирин тийгизген. Алсак, 2020-жылдын июлунда жолдошунун жүрөгү кармап калган. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү Еленага Биробижандан башка жакка чыгууга тыюу салып коюшкан. Андан тышкары, ал ишенимдешибиздин банк эсебин бууп коюшкан.

Елена бир тууганыбыз Жахабанын башка кызматчыларынын куугунтукка кантип туруштук бергени тууралуу ой жүгүртүүнүн аркасында дем-күч алган. Ал: «Үйлөрү тинтилген, Жахабага кызмат кылганы үчүн куугунтук жеген бир туугандар жөнүндө окуганды жакшы көрөм. Алар көп кыйынчылыктарды баштан кечирип, далай запкы жешкен. Бирок ошонун баарына карабай акырына чейин кайратынан жазган эмес»,— дейт. Ыйык Китепти күндө окуп, ой жүгүрткөнү да ага күч берип турган.

Туруктуулугун сактап жатып Елена бир тууганыбыз Ышая 30:15теги сөздөр тууралуу ой жүгүртүүдө. Ал жерде: «Тынчыңар кетпесе, ишеним артсаңар, бул силерге күч берет»,— деп айтылат. Елена мындай деп кошумчалайт: «Бул аятты дайыма эсте сактаганга аракет кылам. Өзүнө жакындатканы үчүн Жахабага канчалык ыраазы экенимди сөз менен жеткире албайм!.. Жан дүйнөмдө дайыма бейкуттук өкүм сүрүп турат. Жахабага мурдагыдан да ишеним артып, толук таянганды үйрөндүм. Ал мени эч качан таштабай турганынан күмөн санабайм».

a Күнү өзгөрүшү мүмкүн.