7-ИЮНЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 21-НОЯБРЬ, 2023
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: АЙЫПСЫЗ ДЕГЕН ЧЕЧИМ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ | Жахабанын сүйүүсүн жана колдоосун сезип жатат
2023-жылдын 20-ноябрында Ханты-Мансийский автономдук округунун — Югранын — Югорский райондук соту Андрей Жуковду айыпсыз деген чечимди жокко чыгарды. Эми анын иши кайра каралат.
2023-жылы 7-августта Ханты-Мансийский автономдук округунун — Югранын — Югорский райондук соту Андрей Жуковду айыпсыз деп тапты. Ага коюлган айыптын баары жокко чыгарылды.
Жагдайдын өрчүшү
2020-жыл, 17-август
Андрейге «экстремисттик» уюмдун жашыруун жолугушууларын өткөрүүдө деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон
2020-жыл, 19-август
9 Жахабанын Күбөсүнүн, анын ичинде Андрейдин, үйүн тинтишкен. Ал убактылуу тергөө камак жайына камалган
2020-жыл, 20-август
Башка жакка чыкканга тыюу салынган
2021-жыл, 14-январь
Экстремисттердин тизмесине кошулуп, банк эсеби тоңдурулган
2021-жыл, 4-август
Бийликтегилер Андрейге башка да айыптарды коюшкан. Анын ичинде «Жахаба Кудайдан тиленип, диний жолугушууларга катышып, диний адабияттарды окуп жатат» деп айыпталган. Андан кийин аны суракка алышкан
2021-жыл, 15-октябрь
Кылмыш ишин токтотууга байланыштуу өтүнүч четке кагылган
2021-жыл, 29-декабрь
Сот отуруму башталган
Жеке маалымат
Жахабанын Андрейди жана каршылыктарга кабылып жаткан ишенимдештерибиздин баарын колдоп жатканы — анын «жакшылыктын жышаанын» көрсөтүп, «жардам берип,... сооротуп» жатканынын айкын далили (Забур 86:17).