Мазмунун көрсөтүү

Евгений Егоров

1-АПРЕЛЬ, 2021 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 17-ФЕВРАЛЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Орусиянын соту Евгений Егоровду дин тутуу эркиндигинен ажыратууну көздөп жатат

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Орусиянын соту Евгений Егоровду дин тутуу эркиндигинен ажыратууну көздөп жатат

2023-жылдын 17-февралында Еврей автономдук облусунун Биробижан райондук соту Евгений Егоровду айыптуу деп таап, эки жарым жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын 3-октябрында Еврей автономдук облусунун соту Евгенийге чыгарылган айып өкүмүн жокко чыгарды. Мындай чечим Жалпы юрисдикциянын тогузунчу кассациялык соту ишти кайра кароону Еврей автономдук облусунун сотуна жибергенден кийин кабыл алынган. Азыр Евгений бир тууганыбыздын иши Еврей автономдук облусунун Биробижан райондук сотуна кайра каралыш үчүн жөнөтүлдү.

2021-жылдын 25-ноябрында Еврей автономдук облусунун соту Евгенийдин доо арызын кароодон баш тарткан. Ошол себептен ага чыгарылган баштапкы чечим күчүндө калган. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

2021-жылы 21-июнда Еврей автономдук облусунун Биробижан райондук соту Евгенийди айыптуу деп таап, эки жарым жылга шарттуу соттоду.

Жеке маалымат

Евгений Егоров

  • Туулган жылы: 1991 (Биробижан)

  • Кыскача таржымалы: Апасы менен таенеси тарбиялап, чоңойткон. Электротехника боюнча окуу жайын бүткөн. Темир уста болуп жана техниканы оңдоп-түзөп жан багат. Китеп окуганды, жазганды аябай жакшы көрөт. Роман жазган. Поэмаларды чогултат. 2005-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон. 2019-жылы Ксения деген кызга үйлөнгөн. 2020-жылы уулду болушкан.

Иштин чоо-жайы

2018-жылдын майында Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери Биробижан шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн көбүнүн үйүн тинтишкен. Үйлөнөрүнө аз калганда Евгенийге «диний иштерге катышты, Ыйык Китепти окуду» деген айып тагышкан. Ошонун айынан ага белгилүү аймактан чыгууга тыюу салынган. Евгений үйлөнгөндөн кийин эле апасы Лариса Артамоновага да каршы кылмыш иши козголгон. 2019-жылдын декабрында Евгенийге козголгон иш боюнча сот отурумдары башталган.

Башынан өтүп жаткан окуялардан улам Евгений Жахабага жакыныраак болуп калганын айткан. Ал: «Эң оор учурларда Жахаба жүрөгүмдү тынчтандырып, „адаттан тышкаркы күч“ берип жатты»,— дейт (2 Корунттуктар 4:7).

Евгений Жахабанын жардам берерине шектенбейт. Бирок ошентсе да алдыдагы кыйынчылыктарга бардык жактан, акыл-эс, эмоциялык жана рухий жактан, даярданышы керектигин билет. «Кандай жагдайга туш болбоюн, Жахаба менен болгон мамилемди бекемдей беришим керек. Бул мен үчүн баарынан маанилүү»,— дейт ал.

Куугунтукка карабай Евгений менен Ксенияга жана Орусиядагы ишенимдештерибизге Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган Забур 10:17деги: «Оо, Жахаба, сен мүнөзү жумшактардын тилегин угасың, жүрөктөрүн даярдайсың. Аларга көңүл буруп, кулак саласың»,— деген сөздөр күч береринен шектенбейбиз.