Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго, үстүңкү катар: Василий Буренеску, Виктор Фефилов, Игорь Коботов, Игорь Петров. Ылдыйкы катар: Леонид Рысиков, Игорь Трифонов, Павел Ромашов менен жубайы Виола Шепель

26-ИЮЛЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 6-ДЕКАБРЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛЫШТЫ | Алар кайраттуулук жана кубаныч менен туруктуулугун сактап жатышат

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛЫШТЫ | Алар кайраттуулук жана кубаныч менен туруктуулугун сактап жатышат

2023-жылдын 5-декабрында Ханты-Мансийск автономдук округунун — Югранын — Сургут шаардык соту 18 ишенимдешибизди (17 эркек, 1 аял) айыптуу деп тапты. Алардын арасында Василий Буренеску, Виктор Фефилов, Игорь Коботов, Игорь Петров, Леонид Рысиков, Игорь Трифонов, Павел Ромашов жана жубайы Виола Шепель a бар. 17 ага-инибиз 6 жыл 3 айдан 7 жылга чейин шарттуу соттолушту. Виола Шепель 3 жыл 3 айга шарттуу соттолду. Алар азырынча камакка алынбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2019-жыл, 15-февраль

    Полиция кызматкерлери Сургуттагы жана коңшу шаарлардагы көптөгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн тинтишкен. Жети ишенимдешибизди сурак маалында кыйнашкан. Үч бир тууганыбыз тергөө камак жайына жөнөтүлгөн, ал эми дагы бир ишенимдешибизден психиатриялык экспертизадан өтүүнү талап кылышкан

  2. 2019-жыл, 3-октябрь

    Виктор Фефилов, Игорь Коботов, Игорь Петров, Леонид Рысиков, Игорь Трифонов, Павел Ромашов жана жубайы Виола экстремисттер катары тизмеге киргизилген

  3. 2019-жыл, 10-октябрь

    Василий Буренеску да экстремист катары тизмеге киргизилген

  4. 2020-жыл, 23-июль

    Игорь Петровдун үйүн экинчи жолу тинтишкен да, дагы кошумча буюм-тайымдарын алып кетишкен

  5. 2021-жыл, 29-октябрь

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Ишенимдештерибиз эмне болбосун, «кыйынчылыкпы, азаппы, куугунтукпу ... же коркунучпу», Жахабанын жардамы менен жеңишке жете аларына шектенбейбиз (Римдиктер 8:35, 37).

a b Кыз кезиндеги фамилиясы боюнча калган.