Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Евгений Федин, Артур Северинчик жана Тимофей Жуков

26-ИЮЛЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 6-ДЕКАБРЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛЫШТЫ | Жахаба адилетсиз түрдө камалган бир туугандарыбызга күч берүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛЫШТЫ | Жахаба адилетсиз түрдө камалган бир туугандарыбызга күч берүүдө

2023-жылдын 5-декабрында Ханты-Мансийск автономдук округунун — Югранын — Сургут шаардык соту 18 ишенимдешибизди (17 эркек, 1 аял) айыптуу деп тапты. Алардын арасында Евгений Федин, Артур Северинчик жана Тимофей Жуков бар. 17 ага-инибиз 6 жыл 3 айдан 7 жылга чейин шарттуу соттолушту. Виола Шепель 3 жыл 3 айга шарттуу соттолду. Алар азырынча камакка алынбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2019-жыл, 15-февраль

    Полиция кызматкерлери Сургуттагы жана коңшу шаарлардагы көптөгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн тинтишкен. Полиция кызматкерлери суракка алган учурда жети ишенимдешибизди кыйнашкан. 3 ишенимдешибиз, анын ичинде Евгений Федин менен Артур Северинчик убактылуу кармоочу жайга камалган

  2. 2019-жыл, 7-март

    Тергөө камак жайында 21 күн отурган Артур апелляциялык соттун чечими менен бошотулган

  3. 2019-жыл, 11-апрель

    Евгений тергөө камак жайында 2 айдай отургандан кийин бошотулган. Соттун чечими боюнча, ага эки жакка чыгууга, башкалар менен сүйлөшүүгө жана Интернет колдонууга чектөөлөр коюлган

  4. 2019-жыл, 16-январь

    Тимофей Жуков суракка алынган маалда, Орусия Федерациясынын Конституциясынын 51-беренесинде айтылган укугунун негизинде, тергөөчүнүн айрым суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан. Тергөөчү ушул жүйөнү келтирип, соттон Тимофейди психиатриялык ооруканадан кошумча текшерүүдөн өткөнгө жиберүүнү талап кылган. Сот анын талабын орундаткан. Тимофей соттун чечимине каршы кайра доо арыз менен кайрылган

  5. 2020-жыл, 5-февраль

    Полиция кызматкерлери сот имаратынан чыгып бараткан Тимофейди кармап кетишкен. Ошол учурда Тимофейдин доо арызы каралып жаткан болчу. Ошого карабай алар аны 1 200 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Екатеринбургдагы психиатриялык ооруканага алып барышкан. Тимофей ал жакта 14 күн жаткан

  6. 2020-жыл, 5-март

    Апелляциялык сот Тимофейдин психиатриялык ооруканага жаткырылганы мыйзамга каршы келгенин билдирген

  7. 2021-жыл, 19-октябрь

    Апелляциялык сот Тимофейге мыйзамсыз түрдө камалганы үчүн кенемте төлөнүп берилиши керектигине байланыштуу чечим чыгарган

  8. 2021-жыл, 12-ноябрь

    Алгачкы сот отурумунда жактоочулар бийлик органдарынын мыйзамсыз жана адамгерчиликке жатпаган иштерди кылганына, анын ичинде суракка алынып жаткандарды кыйнашканына, жалган далилдерди табышканына жана калыс эмес адистерди колдонушканына байланыштуу далилдерди келтиришкен. Жактоочулар ишти кайра айыптоочуга жөнөтүүнү өтүнүшкөн

  9. 2021-жыл, 15-ноябрь

    Сот тергөө маалында мыйзамсыз иштердин болгонун моюнга алса да, ишти айыптоочуга жөнөтүүдөн баш тарткан

Жеке маалымат

Биз куугунтукталып жатканына карабай көзүн «көрүнбөгөн нерселерге багыттаган» Евгенийди, Артурду, Тимофейди жана башка ишенимдештерибизди Жахаба Кудайыбыз мындан ары да колдой береринен шектенбейбиз (2 Корунттуктар 4:17, 18).