Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Максим Амосов, Михаил Гордеев, Николай Лещенко жана Дмитрий Равнушкин

21-ФЕВРАЛЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 31-ИЮЛЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ | Ишенимин бек сактаганга ишенимдештери көмөк кылууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ | Ишенимин бек сактаганга ишенимдештери көмөк кылууда

2023-жылдын 28-июлунда Карелия Республикасынын Петрозаводск шаардык соту Максим Амосовду, Михаил Гордеевди, Николай Лещенкону жана Дмитрий Равнушкинди айыптуу деп тапты. Аларга 450 000 рублдан (4 909 АКШ доллары) 500 000 рублга (5 455 АКШ доллары) чейин айып пул салынды.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2019-жыл, 31-июль

    ФККнын кызматкерлери 16 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн жана жумуш ордуларын тинтишкен

  2. 2019-жыл, 2-август

    Тергөөчү Максимге өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Бийлик тарабынан Николайга каршы кылмыш иши козголгон. Ага өзү жашаган аймактан чыгууга тыюу салышкан

  3. 2019-жыл, 6-август

    Тергөөчү Максим менен Николайдын Ыйык Китепти изилдегенин «кылмыш» деп тапкан

  4. 2019-жыл, 5-сентябрь

    ФККнын кызматкерлери Михаилди иштеп жаткан жеринен кармашып, компьютерин алып кетишкен. Тергөөчү Михаилге каршы кылмыш ишин козгогон

  5. 2019-жыл, 20-сентябрь

    ФККнын кызматкерлери Дмитрийдин жумуш ордун тинтип, анын телефонун алып кетишкен. Тергөөчү аны бир нече саат бою суракка алган соң, ага каршы кылмыш ишин козгогон. Ага өзү жашаган аймактан башка жакка чыгууга тыюу салынган

  6. 2021-жыл, 18-октябрь

    Тергөө иши башталган

Жеке маалымат

Орусиядагы ишенимдештерибиздин куугунтукка карабай «чындык жолунда» жүрүшкөнүн көргөндө жүрөгүбүз кубанычка толот (3 Жакан 4).

a b Дил маек алганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес.