3-МАЙ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 26-МАРТ, 2024
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ | Тиленүү аркылуу күчкө толушууда
2024-жылдын 25-мартында Удмурт Республикасынын Воткинск райондук соту Сергей Гобозевди жана Михаил Потаповду айыптуу деп тапты. Аларга 450 000 рубль (4 855 АКШ доллары) жана 400 000 рубль (4 316 АКШ доллары) айып пул салынды.
Жагдайдын өрчүшү
2021-жыл, 20-январь
Сергейге жана Михаилге каршы кылмыш иши козголгон. Алар экстремисттик уюмдун иштерин уюштурду деп айыпталган
2021-жыл, 21-январь
Сергейдин үйүн тинтишип, кызматкерлер анын жеке буюмдарын: айдоочулук күбөлүгүн, унаасынын документин, электрондук каражаттарын, сүрөттөр салынган альбомун жана Ыйык Китептин котормолорун алышкан. Михаилдин үйүн да тинтишип, өзүн кармап кетишкен
2021-жыл, 22-январь
Сергейди үй камагына чыгарышкан. Михаил болсо тергөө камак жайында калган
2021-жыл, 18-май
Сергей үй камагынан бошотулган. Бирок эки-жакка чыгууга байланыштуу чектөөлөр коюлган
2021-жыл, 19-май
Михаилди камактан бошотушкан, бирок ага да эки-жакка чыгууга байланыштуу чектөөлөр коюлган
2021-жыл, 7-октябрь
Сот иши башталган
Жеке маалымат
Ыйык Китепти изилдеп, тиленүү аркылуу ишенимин бекем сактап жаткан Сергей менен Михаилди Жахаба Кудайыбыз мындан ары да колдой береринен шектенбейбиз (Колосалыктар 2:6, 7).